15:05, Үчтүн айынын жыйырма беши, 2020
14:26, Үчтүн айынын жыйырма беши, 202031 Ак-Сууда жолбун иттерди атуу иштери уланууда
Учурда окулуп жатат
12:06, Үчтүн айынын жыйырма беши, 2020 (63 адам окуп жатат)
Аялын 41 жолу бычактап өлтүргөн Эрмектин иши боюнча жаңы жагдайлар
10:40, Үчтүн айынын жыйырма беши, 2020 (43 адам окуп жатат)
«Уурулар сабап, баспай калдым»: Ооруга моюн сунбаган жетекчинин баяны. Видео
10:28, Үчтүн айынын жыйырма беши, 2020 (26 адам окуп жатат)
Коронавирустун жаңы түрүнөн кантип сактануу керек? Дарыгерлерден кеңеш

Жергиликтүү сотторго 16 судья дайындалды

На русском
09:34, Жетинин айынын он алтысы, 2019 1435

Баракелде -  Судьяларды тандоо кеңеши тарабынан президент Сооронбай Жээнбековдун атына судьялардын кызматтарына Жалал-Абад облусунун жергиликтүү сотуна 12 талапкер жана Бишкек шаарынын 4 райондук сотуна 8 талапкерди дайындоо боюнча сунуштар келип түшкөн.

Өлкө башчынын басма сөз кызматы билдиргендей, 2019-жылдын 8-ноябрында мамлекет башчы айрым талапкерлер менен баарлашты. Анын натыйжасында жана кошумча берилген материалдарды эске алуу менен Сооронбай Жээнбеков судьялык кызматка 16 талапкер боюнча кеңештин сунуштарына макулдук берди.

Өлкө башчы 4 талапкер боюнча иштин материалдарын, ар кайсы мамлекеттик органдардан суралган кошумча маалыматтарды жана пикирлерди карап чыгып судьялык кызматка бул талапкерлер боюнча материалдарды Судьяларды тандоо боюнча кеңешке кайтарып берди.

Жергиликтүү соттордун судьяларынын кызматтарына 16 талапкер боюнча президент чыгарган жарлыктарга ылайык дайындалган судьялар милдетин өтөөгө төмөнкү сотторго жиберилди:

Жалал-Абад облусу боюнча:

- Ала-Бука райондук соту — Мамадалыев Асылбек Райимбердиевич;

- Базар-Коргон райондук соту — Жороев Элдияр Жолборсбекович;

- Кара-Көл шаардык соту — Уметалиева Чолпонай Маматовна;

- Майлуу-Суу шаардык соту — Маматалиев Таалайбек Ажибекович;

- Ноокен райондук соту — Култаев Талантбек Какаевич;

- Таш-Көмүр шаардык соту — Шайымбеков Рахматулла Амирбаевич;

- Тогуз-Торо райондук соту — Кангелдиев Калыйнур Ратбекович;

- Токтогул райондук соту — Ормушев Тилек Эмилбекович;

- Чаткал райондук соту — Маматов Куштарбек Иссаевич;

Бишкек шаары боюнча:

- Ленин райондук соту — Туражанова Жамиля Асадуллаевна;

- Октябрь райондук соту — Баймуратова Күмүшай Шакировна, Бегалиев Тилектеш Ишеналиевич, Нурбеков Алмаз Турусбекович;

- Биринчи май райондук соту — Бердимуратов Чынгызбек Муртазакулович, Эсенбаев Адылбек Маматибраимович;

- Свердлов райондук соту — Кадыркулова Алма Камчыбековна.


Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком