16:04, 13 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Бишкек ШИИБде 21 кылмыш иш жоголгону аныкталды

На русском
17:47, 15 жетинин айы 2019 123
Иллюстративное фото
Иллюстративное фото

Баракелде -  Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмүндө 21 кылмыш иштин материалдары жоголгону аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 15-ноябрда ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

«Ички иштер башкы башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан кызматтык териштирүү жүргүзүлүп, 1998-жылдан 2007-жылга чейинки мезгилде 21 кылмыш иши жоголгону аныкталды. Жүргүзүлгөн кызматтык териштирүүнү натыйжасында юридикалык баа берүү үчүн аталган материалдар көзөмөл органына жөнөтүлдү», - деп айтылат маалыматта.

-------------------------------------------------

Буга чейин башкы прокуратура тарабынан ички иштер органдарынын айрым кызматкерлери кылмыш иштин материалдарын жоготкону айтылган болчу. Текшерүү иштеринин жүрүшүндө Бишкек ШИИБде ар кандай берене менен козголгон бир нече кылмыш иши жоголгону такталган.

«Абалды ар тараптуу изилдөө жана тиешеси бар кызматкерлердин иш-аракетине юридикалык баа берүү үчүн бул факт Жазык кодексиндеги 331-берене (шалаакылык) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды», - деп айтылат маалыматта.

Сотко чейинки өндүрүш ишин уюштуруу УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын тергөө бөлүмүнө тапшырылган болчу.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком