13:33, 9 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Жумгалдагы билим берүү бөлүмүнүн башчысынын милдетин убактылуу ким аткарат?

На русском
16:23, 15 жетинин айы 2019 33

Баракелде -  Жумгал райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын милдетин убактылуу ким аткарат? Бул суроого аймактык кабарчы жооп издеп көрдү.

Коомчулукта учурда эки талапкердин аты аталууда. Алар: Жумгал райондук билим берүү бөлүмүнүн усулчусу, 37 жаштагы Гүлшат Көккөзова менен ушул эле бөлүмдүн башкы адиси, 40 жаштагы Руслан Садыр уулу.

Көккөзова Гүлшат Чынтемировна 1982-жылы райондун Кызыл-Жылдыз айылында туулган. Билими жогорку. 1999-2004-жылдары И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. Кесиби боюнча кыргыз тили жана кыргыз адабияты боюнча мугалим жана журналист.

2002-2015-жылдары Кызыл-Жылдыз айылындагы К.Акыев атындагы орто мектебинде кыргыз тили жана кыргыз адабияты боюнча мугалим, 2015-2017-жылдары ушул эле мектепте окуу бөлүмүнүн башчысы, 2017-жылы социалдык педагог, 2018-жылдын октябрь айынан баштап 2019-жылдын январь айына чейин мектептин директорунун орун басары, 2019-жылдын январь айынан тарта райондук билим берүү бөлүмүндө усулчу болуп эмгектенип келген.

Айыл өкмөттүн, жаштар уюму, райондук билим берүү бөлүмүнүн, «Билим ордо» республикалык фондунун, райондук мамлекеттик администрациясынын жана Билим берүү жана илим министрлигинин ардак грамоталарынын ээси. «Жылдын мыкты мугалими» наамы менен «Сүйүктүү мугалим» төш белгисин алган. Түрк тилинде эркин сүйлөйт. Энелер мектеби жана жаш мугалимдер жамаатын уюштурууга салым кошкон. Окуучулары олимпиадаларда алдыңкы орундарды алып келет.

Үй-бүлөлүү 2 уул, 2 кыздын энеси.

Руслан Садыр уулу 1979-жылы Жумгал районунун Чаек айылында туулган. Билими жогорку. 1996-1999-жылдары медициналык окуу жайын бүтүргөн. Андан соң 2001-2004-жылдары И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин биология факультетин аяктаган.

2000-жылдан баштап Чүй облустук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунда адис болуп иштеген. 2014-жылдан тартып Жумгал райондук билим берүү бөлүмүндө адис, 2017-жылдан баштап бөлүмдө башкы адис болуп эмгектенип келет.

Райондук, облустук билим берүү бөлүмдөрүнүн жана райондук администрациясынын жана Билим берүү жана илим министрлигинин ардак грамоталары менен сыйланган.

Үй-бүлөлүү, 2 кыз, 1 уулдун атасы.

Учурда билим берүү тармагындагы кызматкерлер иштин көзүн билген жетекчи дайындалышын күтүп жатышат. Ал эми жетекчилик кызматка боло турган сынакка катышуу үчүн көптөгөн талапкерлер бар. Анын саны онго барат

2020-жылдын анварь айына чейин жетекчинин милдетин аткаруу бир кызматкерге милдеттендирилип, министрлик тараптан бекитилет.

Буга чейин бул кызматта Фатима Өмүралиева иштеп жаткан. Ал Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын социалдык маселелер боюнча орун басары болуп дайындалды.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком