14:50, Үчтүн айынын жыйырма беши, 2020
14:26, Үчтүн айынын жыйырма беши, 202022 Ак-Сууда жолбун иттерди атуу иштери уланууда
Учурда окулуп жатат
12:06, Үчтүн айынын жыйырма беши, 2020 (62 адам окуп жатат)
Аялын 41 жолу бычактап өлтүргөн Эрмектин иши боюнча жаңы жагдайлар
10:40, Үчтүн айынын жыйырма беши, 2020 (54 адам окуп жатат)
«Уурулар сабап, баспай калдым»: Ооруга моюн сунбаган жетекчинин баяны. Видео
10:28, Үчтүн айынын жыйырма беши, 2020 (33 адам окуп жатат)
Коронавирустун жаңы түрүнөн кантип сактануу керек? Дарыгерлерден кеңеш

Сузактын паспорттоштуруу бөлүмүнүн башчысы мыйзамсыз паспорт берүү боюнча айыпталууда

На русском
12:58, Жетинин айынын он беши, 2019 207
Айеркен Саимаити
Айеркен Саимаити

Баракелде -  Мамлекеттик каттоо кызматындагы паспорттоштуруу бөлүмүнүн жетекчиси Айеркен Саимаитиге мыйзамсыз паспорт берүү боюнча айыпталып жатат. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Жыргал Исмаилов бүгүн, 15-ноябрда «Республика—Ата Журт» фракциясынын отурумунда билдирди.

Анын айтымына караганда, бул факт боюнча кылмыш иши 1,5 ай мурун козголгон.

Буга чейин ИИМ Түркияда өлтүрүлгөн ишкер Айеркен Саимаити боюнча расмий билдирүү тараткан.

Издөөгө алынган Саимаити Кыргызстандын 1982-жылы туулган жараны Самятов Эркин Салимовичтин атына мыйзамсыз берилген паспортту (ID-карт, жалпы жарандык паспорт) колдонуп жүргөнү аныкталган. Бул факт боюнча ИИМдин Тергөө кызматы быйыл июль айында Жазык кодексиндеги 330-берене (паспортту мыйзамсыз берүү) боюнча сотко чейинки өндүрүш ишин баштаган.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Жалал-Абад облусунун Сузак районунун паспорттоштуруу жана калкты каттоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси А.А.га Жазык кодексиндеги 330-берене (паспортту мыйзамсыз берүү) жана 320-берене (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча айып тагылып, иш облустук сот органдарына жөнөтүлгөн.

Түркиянын Стамбул шаарында 10-ноябрда кечинде ишкер Айеркен Саимаитини атып өлтүрүп кетишкен. Анын ысымы Кыргызстандан чыгарылган 700 млн доллар тууралуу журналисттик иликтөөдө айтылган болчу.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком