09:21, 8 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Сузактын паспорттоштуруу бөлүмүнүн башчысы мыйзамсыз паспорт берүү боюнча айыпталууда

На русском
12:58, 15 жетинин айы 2019 154
Айеркен Саимаити
Айеркен Саимаити

Баракелде -  Мамлекеттик каттоо кызматындагы паспорттоштуруу бөлүмүнүн жетекчиси Айеркен Саимаитиге мыйзамсыз паспорт берүү боюнча айыпталып жатат. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Жыргал Исмаилов бүгүн, 15-ноябрда «Республика—Ата Журт» фракциясынын отурумунда билдирди.

Анын айтымына караганда, бул факт боюнча кылмыш иши 1,5 ай мурун козголгон.

Буга чейин ИИМ Түркияда өлтүрүлгөн ишкер Айеркен Саимаити боюнча расмий билдирүү тараткан.

Издөөгө алынган Саимаити Кыргызстандын 1982-жылы туулган жараны Самятов Эркин Салимовичтин атына мыйзамсыз берилген паспортту (ID-карт, жалпы жарандык паспорт) колдонуп жүргөнү аныкталган. Бул факт боюнча ИИМдин Тергөө кызматы быйыл июль айында Жазык кодексиндеги 330-берене (паспортту мыйзамсыз берүү) боюнча сотко чейинки өндүрүш ишин баштаган.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Жалал-Абад облусунун Сузак районунун паспорттоштуруу жана калкты каттоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси А.А.га Жазык кодексиндеги 330-берене (паспортту мыйзамсыз берүү) жана 320-берене (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча айып тагылып, иш облустук сот органдарына жөнөтүлгөн.

Түркиянын Стамбул шаарында 10-ноябрда кечинде ишкер Айеркен Саимаитини атып өлтүрүп кетишкен. Анын ысымы Кыргызстандан чыгарылган 700 млн доллар тууралуу журналисттик иликтөөдө айтылган болчу.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком