20:00, 10 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Баткенде журналистмин деп кыздарды алдап, сөйкө, телефондорун алып жүргөн жигит изделип жатат (сүрөт)

На русском
12:50, 15 жетинин айы 2019 26

Баракелде -  Баткен шаарында өзүн телеканалардын биринин журналистимин деп тааныштырып, алдамчылык кылган жигит пайда болду. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришти.

Ал кыздардын ишеничине кирип, алдоо жолу менен «съемка үчүн керек» деп, сөйкөлөрүн жана телефондорун алып жүргөн. Бул жигит Баткен мамлекеттик университетине барып, студенттерге семинар өткөргөнгө да жетишкен.

Ал эми Баткен ШИИБдин маалыматына караганда, 13-ноябрда милицияга Баткен районунун Согмент айылынын 2001-жылы туулган тургуну М.А. арыз менен кайрылган. Ал ошол күнү Баткен шаарынын «Жеңиш» паркында тааныш эмес, 25-30 жаштар чамасындагы жигит келип, ар кандай суроолорду берип, ишеничине кирип, 6900 сомдук уюлдук телефонун алып, окуя болгон жерден кетип калгандыгын билдирген. Аталган адам бештен ашык адамды алдаганы айтылууда. Учурда бул фактылар боюнча кылмыш иш козголуп, иликтөө жүрүп жатат.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком