13:08, 9 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Ошто үлпөт тойдо эреже бузган жол тандабас: 2 унаанын айдоочусу кармалып, бири издөөдө. Видео

12:48, 15 жетинин айы 2019 28

Баракелде -  Ош шаарында кызматтык иликтөө жүрүп жаткан жол тескөөчүлөргө байланышкан окуя боюнча 2 автоунаа кармалды. Бул тууралуу Ош шаары боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү билдирди.

Социалдык тармактарга ЖКККБнын кызматкерлери «Лексус» үлгүсүндөгү жол тандабасты токтотушканда анын артынан бара жаткан «БМВ» унаасындагы балдар түшүп, жол тескөөчүлөр менен сүйлөшкөн видео жарыяланган. Анын жыйынтыгында ЖКККБ кызматкерлери мыйзам бузган унаанын айдоочусуна протокол түзбөй, коё беришкен.

«Мыйзам боюнча айдоочуга караңгылатылган айнек үчүн жана мамлекеттик номуру жок унаа башкарып жүргөнү үчүн айып пул салыныш керек болчу», - деп айтылат Ош шаардык ЖКККБнын маалыматында.

Окуяга байланыштуу кечээ, 14-ноябрда Ош шаары боюнча ЖКККБнын кызматкерлери тарабынан «БМВ» жана «Тойота Камри» үлгүсүндөгү унаалар кармалып, айдоочуларына протокол түзүлгөн жана унаалар убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ал эми видеодогу мамлекеттик номуру жок, алдыңкы айнектери караңгылатылган жол тандабаска издөө жарыяланды. Жол тескөөчүлөргө карата кызматтык иликтөө уланууда.

Социалдык тармактарга жарыяланган видео

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком