13:40, 9 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Ошто балдар үйүнөн жоголгон кыздар 12 күндөн кийин эки башка жерден табылды

17:27, 14 жетинин айы 2019 36
Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Баракелде -  Ош шаарындагы балдар үйүндө 2 кыз жоголуп, 12 күндөн кийин табылды. Бул маалыматты Ош ШИИБден тастыкташты.

1-ноябрь күнү саат 15:50 чамасында Ош шаарындагы «Боорукердик» интернатынан 2004-жылы туулган Ж.Э. жана 2010-жылы туулган К. аттуу кыздар чогуу чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жүрүшкөн. «Боорукердик» үйүнүн жетекчилиги Ош ШИИБге арыз менен кайрылып, окуя Ак-Буура милиция бөлүмчөсү тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Ош ШИИБдин маалыматына караганда, Ж.Э.нин апасы кызын көргөнү келип 9 жаштагы К.ны да өзү менен кошо ээрчитип кеткен. Ал К.ны Алай районундагы туугандарынын үйүнө, кызы Э.ни Өзгөн районундагы туугандарыныкына алып барып, таштап кетип калган. Бул тууралуу эч кимге айткан эмес.

12-ноябрь күнү Ош ШИИБдин Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнүн 2-бөлүмчөсү тарабынан кыздардын жүргөн жери аныкталып, «Боорукердик» үйүнө тапшырылган. Учурда Ж.Э.нин апасына юридикалык баа берүү үчүн иликтөө иштери жүрүп жатат. Ж.Э.нин апасынын турмуш шарты оор, спирт ичимдиктерин ичери аныкталган. Ж.Э.ни төрөгөндөн кийин ажырашып, кийин үч ирет турмушка чыккан.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком