Бишкектин айрым аймактарында 19-ноябрда таза суу өчүрүлөт
На русском
19:00, 17 жетинин айы 2019
112
Баракелде - 19-ноябрда саат 09:00дөн баштап 17:00гө чейин Бишкек шаарынын айрым аймактарында таза суу өчүрүлөт. Мындай чектөөлөр «Эне-Сай» жана шаардагы суу топтомдорундагы оңдоо иштерине байланыштуу, деп билдирди мэриянын басма сөз кызматы.
Эне-Сай, Дордой-1, Дордой-2 кичи конуштарында таза суу жок болот. Анын ичинде:
- №9 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда;
- №21, №94 мектептерде;
- Орхон көчөсүнүн 2, 2а, 4 дарегиндеги бала бакчаларда;
- «Бегимай Дордой» жеке бала бакчасында;
- №21 муниципалдык аймактык башкармалыгында;
- №20 китепканасында;
- №6, №7 милиция бөлүмүндө таза суу өчүрүлөт.
Бул күнү таза суу өчүрүлгөн мектеп жана бала бакчалар иштебейт.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком