07:56, 14 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Саимаитинин өлүмү: Шектүүлөр Кыргызстандын жарандары эмес, - Мамкаттоо

На русском
15:03, 14 жетинин айы 2019 369
Шектүүлөр
Шектүүлөр

Баракелде -  Түркиянын Стамбул шаарында каза болгон ишкер Айеркен Саимаитинин өлүмүнө шектелип кармалгандар Кыргызстандын жарандары эмес. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

«Бирдиктүү мамлекеттик реестр боюнча, адам өлүмүнө шектелгендер Кыргызстандын жарандары эмес жана буга ылайык Кыргызстандын жаранынын паспортун документ катары алган эмес», - деп айтылат маалыматта.

-----------------------------------------------------------

Түркиянын Стамбул шаарында 10-ноябрда кечинде ишкер Айеркен Саимаитини атып өлтүрүп кетишкен. Анын ысымы Кыргызстандан чыгарылган 700 млн доллар тууралуу журналисттик иликтөөдө айтылган болчу.

Полиция Адана шаарында Хусейн Ахметалиев, Абдулла Энвер жана Али Исбени аттуу жарандарды шектүү катары кармашкан. Алардын экөө өздөрүн Кыргызстандын жараны катары тааныштырган.

Кечээ, 13-ноябрда Мамлекеттик каттоо кызматы ишкер Айеркен Саимаитинин өлүмүнө шектелип кармалган 2 адамдын жарандыгы тууралуу маалымат берүүдөн баш тарткан. Мамкаттоо «Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө» мыйзамдын 6-беренесин жүйө келтирген болчу.

«Өздүк маалыматтар жашыруун маалымат болуп эсептелинет. Ошондуктан шектүүлөр Кыргызстандын жараныбы же жопку айта албайбыз. Тигил же бул адамдын жарандыгы да жашыруун маалымат болуп саналат», - деп түшүндүрүшкөн аталган кызматтан.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком