07:44, Үчтүн айынын жыйырма алтысы, 2020
21:39, Үчтүн айынын жыйырма беши, 2020546 Ысык-Көлдөгү кайсы айыл Иванец деп аталган?
Учурда окулуп жатат
19:49, Үчтүн айынын жыйырма беши, 2020 (9 адам окуп жатат)
Кара-Суудагы аламан улакта баш байгеге коюлган батирди Байыш Ниязов утуп алды
10:28, Үчтүн айынын жыйырма беши, 2020 (8 адам окуп жатат)
Коронавирустун жаңы түрүнөн кантип сактануу керек? Дарыгерлерден кеңеш
11:28, Үчтүн айынын жыйырма беши, 2020 (4 адам окуп жатат)
Ат-Башыда курула турган логистикалык борбордо электромобилдер чыгарылат

Саимаитинин өлүмү: Шектүүлөр Кыргызстандын жарандары эмес, - Мамкаттоо

На русском
15:03, Жетинин айынын он төртү, 2019 438
Шектүүлөр
Шектүүлөр

Баракелде -  Түркиянын Стамбул шаарында каза болгон ишкер Айеркен Саимаитинин өлүмүнө шектелип кармалгандар Кыргызстандын жарандары эмес. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

«Бирдиктүү мамлекеттик реестр боюнча, адам өлүмүнө шектелгендер Кыргызстандын жарандары эмес жана буга ылайык Кыргызстандын жаранынын паспортун документ катары алган эмес», - деп айтылат маалыматта.

-----------------------------------------------------------

Түркиянын Стамбул шаарында 10-ноябрда кечинде ишкер Айеркен Саимаитини атып өлтүрүп кетишкен. Анын ысымы Кыргызстандан чыгарылган 700 млн доллар тууралуу журналисттик иликтөөдө айтылган болчу.

Полиция Адана шаарында Хусейн Ахметалиев, Абдулла Энвер жана Али Исбени аттуу жарандарды шектүү катары кармашкан. Алардын экөө өздөрүн Кыргызстандын жараны катары тааныштырган.

Кечээ, 13-ноябрда Мамлекеттик каттоо кызматы ишкер Айеркен Саимаитинин өлүмүнө шектелип кармалган 2 адамдын жарандыгы тууралуу маалымат берүүдөн баш тарткан. Мамкаттоо «Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө» мыйзамдын 6-беренесин жүйө келтирген болчу.

«Өздүк маалыматтар жашыруун маалымат болуп эсептелинет. Ошондуктан шектүүлөр Кыргызстандын жараныбы же жопку айта албайбыз. Тигил же бул адамдын жарандыгы да жашыруун маалымат болуп саналат», - деп түшүндүрүшкөн аталган кызматтан.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком