Жумгалда боорунун көбүн «курт жеген» Куйручуктун чөбөрөсү дүйнө менен кош айтышты
Баракелде - Белгилүү куйкум сөзмөр Куйручуктун чөбөрөсү Нүргүл Куйручукова оорудан улам каза болду. Бул тууралуу аймактык кабарчыга анын туугандары билдиришти.
Маркум боордун альвеококкоз дартына кабылып, 5 жылдан бери дарыланып келе жаткан. Ал 9-ноябрда көз жумган.
«Апабыз Бишкек шаарындагы М.Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борборунда дарыланып жаткан. Бирок, 5-ноябрь күнү дарыгерлер «болбой калды» деп айтышканынан үйгө чыгарып кеткенбиз. 9-ноябрь күнү каза болду», - деп билдиришти туугандары.
Буга чейин Turmush басылмасы Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Чаек айылынын 46 жаштагы тургуну Куйручукова Нургүл Ашымовна жардамга муктаж экенин жазган. Анын бир күндүк дарылануусуна 3 миӊ сомдон 10 миӊ сомго чейинки каражат керектигин аймактык кабарчыга анын туугандары билдиришкен эле.
Эхинококкоз жана альвеококкоз оорусу тууралуу бул шилтеме аркылуу окуй аласыздар.