20:36, 10 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Кош-Дөбөдө жаш жигиттер жардамга муктаж үй-бүлөлөргө көмүр түшүрүштү

08:30, 14 жетинин айы 2019 67

Баракелде -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Кош-Дөбө айылындагы жардамга муктаж 8 үй-бүлөгө 1 тоннадан көмүр таратылып берилгендигин жаш активист Дүйшөнбек Турарбеков аймактык кабарчыга билдирди.

Кечээ, 13-ноябрда аталган айылдагы 1995-жылы туулган жигиттер жардамга муктаж үй-бүлөлөргө көмүр таратып беришкен.

«Кудайга шүгүр. Азыркы тапта 2 үйдүн биринде эле той, шаан-шөкөт. Мейли, жакшылыктар көп болуп турсун. Бирок, ашыкча ысырапкорчулуктан көрө жараткандын алдында дагы жакшы иштерди жасап кетүүбүз керек. Тактап айтканда колунда жок, жардамга муктаж үй-бүлөлөргө дагы соопчулук иретинде колдоо көрсөтүп койгонубуз оң болот. Ошол себептен өтө жакыр жашаган, жардамга муктаж 8 үй-бүлөгө 1 тоннадан көмүр түшүрүп бердик. Бул эми мактануу эмес. Башкалар үчүн дагы үлгү болсун деген эле тилек», - деди Д.Турарбеков.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком