13:48, 9 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Элдик уламыш: Коңорчок айылынын аталышына себеп болгон тикенек

На русском
23:56, 26 жетинин айы 2019 56

Баракелде -  Ак-Талаа районунун Коңорчок айылынын аты тикенек өсүмдүгүнүн атынан коюлган. Аймактык кабарчы айылдын кыскача тарыхын сураштырды.

Коңорчок айыл аймагы 1929-жылы айыл катары түптөлгөн. Бул чакан айыл Ала-Буга дарыясынын түштүк жээгинде орун алган. Өлкөнүн борбору Бишкек шаарынан 490 чакырым, облустун борбору Нарын шаарынан 175 чакырым жана райондун борбору Баетов айылынан 55 чакырым алыста, деңиз деңгээлинен 1825 метр бийикте жайгашкан. Жалпы аянты 27 миң 695 чарчы метр.

Айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Клара Калыкованын айтымында, учурда айылда 498 түтүн, 1453 адам жашайт. Жергиликтүү жашоочулардын көбү мал чарбачылыгы, дыйканчылык, соо менен алектенишет. Айылда ФАП, Насипа Жыргалбекова атындагы орто мектеп, «Кубан бөбөк» бала бакчасы, Нурдин Баев атындагы маданият үйү, кийим тигүү, пескоблок жана бетон шакекчелерди өндүргөн цех, балык чарбасы иштейт.

Айылдын тарыхын топтоп жүргөн Кылыч Исамамбетов айыл коңорчок деген тикенектүү өсүмдүктүн атынан коюлганын айтат.

«Айылдын тарыхын кеңири айтууга көп убакыт керек. Коңорчок — бул көп чанактуу тикенек. Жаңгак деп коебузбу, айтор мөмөсү бар тикенек. Биология боюнча көп чанактуу өсүмдүктөр деген энциклопедияда так жазылып турат. Ата-балаларыбыз 1929-жылы колхоздоштуруу учурунда келишип, ортосунда кара суусу бар экен, шамалдан ылымта, жашоого ыңгайлуу жер экен деп аныкташыптыр. Бирок, ошол капчыгайдын ичи толо тикенектүү коңорчок өсүмдүгү өсүп турчу экен. Тикенектин баарын өрттөп, жок кылып, ошол жерге алгачкы көчө түшүрүшкөн. Айылга башка аталыш издебей ошол тикенектин атынан эле Коңорчок айылы деп атап коюшуптур. Мындан башка эч кандай версия жок», - деди К.Исамамбетов.

Айылдын энциклопедияга жазылган кыскача тарыхына көз сала турган болсок, Коңорчок айылынын эли болжол менен 18-19-кылымдарда башка жактардан көчүп келип, чакан топ-топ болуп Сүттүү-Булак, Коңорчок, Бел-Кырчын, Мазар, Орто-Кырчын жана Сай-Кырчын чөлкөмдөрүнө отурукташышкан. Октябрь революциясынан кийин 1928-жылы жогорудагы топ-топ болуп жашаган чакан кожолуктар биригип колхозго өтүшкөн. Ушундан улам 1929-жылы Коңорчок айылы түптөлгөн. Айылдын башчылыгына Ысак Табалдиев шайланып, 1933-жылга чейин иштеген. Андан соң, Аалыбай Осмонбаев шайланып, жерди шериктешип иштетүүнү таратып, Коңорчок 3 чарбага бөлүнгөн. 1935-жылы майда чарбалар биригип, кайрадан Коңорчок колхозу уюштурулган. Муну менен токтоп калбастан 1958-жылы ирилештирүү саясатынын негизинде Осоавиахим колхозуна (азыркы Чолок-Кайың айылы) кошушкан. Ошентип Коңорчок айылы Осоавиахим колхозунун №2 бригадасына айланып калат.

Союз тарап кеткен соң, колхоз-совхоздорду дыйкан чарбага өткөрүү мезгилинде 1995-жылы Коңорчок айылын өз алдынча айыл кылууга аракеттер жасалып, анын негизинде 1996-жылдын 21-январь күнү аталган айылда элдик жыйын өткөрүлүп, ал кездеги район акими Өмүрбек Кожеков Коңорчок айылын өзүнчө дыйкан чарба бирикмеси кылып бөлүү боюнча буйругун чыгарган. Ушул эле жылдын февраль айында өзүнчө айыл өкмөтү болуп биротоло Ленин айылынан (азыркы Чолок-Кайың) бөлүнгөн.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком