02:56, 12 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Кыргызстан Өзбекстандан келген өсүмдүктөргө убактылуу чектөө киргизиши мүмкүн

21:21, 13 жетинин айы 2019 83
Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Баракелде -  Жыл башынан бери Өзбекстан Республикасынан Евразия экономикалык биримдигинин фитосанитардык карантиндик талаптарына жооп бербеген 356 факт катталган. Анын ичинде 10 жолу фитосанитардык талаптар бузулган продукциялар келген.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, акыркы жолу Өзбекстандан анар келген, анын ууланган экендиги аныкталды. Аталган товар Өзбекстандын фитосанитардык көзөмөлүнүн сертификаты менен келген. Оштогу лабороториянын текшерүүсүнөн өткөндө «Grapholitha molesta Busck» вирусу менен ууланганы аныкталган.

Аталган факт катталгандан кийин Өзбекстандан келген 35,25 тонна башка товарлар да «Достук» бекетинен өткөрүлгөн жок.

«Фитосанитардык карантиндик текшерүүдөн өткөндө 35,25 тонна продукциядан (курма, алма жана башка) жараксыз фитосанитардык сертификат жана кутусунда чаптамасы жок экендиги такталган.

ЕАЭБдин талаптарына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, карантиндик товарлардын Өзбекстандан Кыргызстанга киргизилишине тыюу салынышы мүмкүн. Айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Өсүмдүктөрдүн карантини департаменти тарабынан Өзбекстандын Өсүмдүктөрдүн карантини департаментине эгерде мындай учурлар дагы кайталана берсе, өсүмдүк азыктарына убактылуу чектөө киргизилиши мүмкүн экендиги жөнүндө кат жөнөтүлдү», - деп айтылат маалыматта.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком