17:17, 13 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Ысык-Көлдөгү 2 айыл өкмөткө жаңы башчылар келет

20:03, 13 жетинин айы 2019 64

Баракелде -  Борбордук шайлоо комиссиясынын бүгүн, 13-ноябрдагы токтому менен Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу, Түп районунун Түп айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо ушул жылдын 2 декабрына дайындалды.

БШКнын басма сөз кызматы билдиргендей, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — акиминин 2019-жылдын 11-ноябрындагы буйругу менен Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Алымов Манас Кадырович өзү берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган.

Ошондой эле Түп райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын буйругу менен Түп айыл өкмөтүнүн башчысы Асакеев Алманбет Иманович өзү берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулду.

Шайлоо 2-декабрда саат 09:00дөн баштап 12:00гө чейин өткөрүлөт.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком