19:07, Үчтүн айынын жыйырма тогузу, 2020
Учурда окулуп жатат
17:45, Үчтүн айынын жыйырма тогузу, 2020 (200 адам окуп жатат)
Оштогу борбордук аянттын жанынан кримчөйрөнүн 5 өкүлү кармалды
13:46, Үчтүн айынын жыйырма тогузу, 2020 (135 адам окуп жатат)
«Фашисттик белгиби?» Нарын районундагы карагайлуу токойду кимдер түптөгөн?
12:41, Үчтүн айынын жыйырма тогузу, 2020 (73 адам окуп жатат)
Кафеде эс алып жаткан аялдын бетин тепкилеген кримчөйрөнүн өкүлү кармалды. Сүрөт
18:37, Үчтүн айынын жыйырма тогузу, 2020 (61 адам окуп жатат)
Видео: Коронавирус, 3 жаштагы баланын өлүмү жана күйөөсү токмоктогон Каныкей

Айеркен Саимаитинин өлүмү: Чуу жараткан кылмыш тууралуу түрк басылмалары эмне дейт?

На русском
11:12, Жетинин айынын он үчү, 2019 2920

Баракелде -  Түркиянын Стамбул шаарында 10-ноябрда кечинде ишкер Айеркен Саимаитини атып өлтүрүп кетишти. Анын ысымы Кыргызстандан чыгарылган 700 млн доллар тууралуу журналисттик иликтөөдө айтылган болчу.

Саимаитиге куралдуу кол салуу мейманкананын кафесинде отурганда болгон.

Түркиядагы басылмалар кытайлык уйгур ишкердин өлүмүнө шектелгендер кармалганын жазып жатышат.

Полиция Адана шаарында Кыргызстандын эки жаранын — Хусейн Ахметалиев менен Абдулла Энвер, Сириянын жараны Али Исбени кармашты. Алар Сирияга качып кетүүгө аракет жасашкан. Полиция шектүүлөрдүн изине камерадагы видео аркылуу түшкөн.

Басылмалар кармалган шектүүлөрдүн сүрөтүн жана видеосун жарыялады. Алар Аданадан Стамбулга жеткирилди.

«Заманбап кылымдын гезити» порталы сурак учурунда шектүүлөр кол салуу акчага байланыштуу экенин айтышканын жазды.

yenicaggazetesi

«Sabah.com» порталы өзбек жана кыргыз басылмаларына таянып, ишкердин өлүмүн Кыргызстандан чыгарылган акчага байланыштырды.

sabah

«Qha.com» порталы Айеркен Саимаитинин ысымын башкача, тактап айтканда Самет Эркин деп жазды. Бул портал өлүмдүн хронологиясын жарыялап, 12-ноябрда президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулу Эркин Сопоковду кызматынан бошотконун жазып чыкты. Анын дипломатиялык номур тагылган унаасы окуя болгон жерден табылган.

Буга чейин маалым болгондой, ишкер өлтүрүлгөн жерден башкы консулга таандык 34 CC 2902 дипломатиялык номуру тагылган «Рендж Ровер» үлгүсүндөгү унаа табылган.

Тышкы иштер министрлиги: «Сопоков эмне үчүн унаасы ишкер өлтүрүлгөн жердин жанынан табылганын түшүндүрө алган жок», - деп билдирди.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком