Бишкекте фамилиясы ката жазылган А.Иваницындын эстелиги жарым кылымдан бери турган
На русскомБаракелде - Бишкек шаарында 55 жылдан бери фамилиясы ката жазылган Алексей Иваницындын эстелиги турат. Буга чейин Бишкек шаардык кеңештин отурумунда Алексей Иваницындын фамилиясы туура эмес — Иваницин деп жазылганы маалымдалган.
Бүгүн, 12-ноябрда Бишкек шаардык кеңештин туруктуу комиссиясынын жыйынында вице-мэр Татьяна Кузнецова билдиргендей, ката 2 жуманын ичинде оңдолот.
«Эстелик “Тазалык“ мамлекеттик ишканасына таандык болгондуктан, биз Амантуровдун атына кат даярдап койдук. Жакынкы убакта ката оңдолот», - деди ал.
Вице-мэр Кузнецованын айтымында, ката эстелик орнотулуп жатканда кеткен. Эстелик 55 жылдан бери турат.
Депутат Сайдахмат Исмаилов бул катаны оңдоо керек экенин белгилеп: «Адамга эстелик орнотуп, фамилиясын ката жазган уят нерсе. Чындыгында уят болдук», - деди ал.
Иваницын Алексей Илларионовичтин эстелиги Эркиндик бульвары менен Жумабеков көчөсүнүн келишине 1957-жылы орнотулган.