17:05, Үчтүн айынын жыйырма экиси, 2020
16:26, Үчтүн айынын жыйырма экиси, 20201218 Кыргыз редакцияга кабарчыларды чакырабыз

Сүрөт — Бишкекте «Дасторкон» кулинариясын бузушту

На русском
16:39, Жетинин айынын он бири, 2019 526

Баракелде -  Бүгүн, 11-ноябрда мэриянын жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын кызматкерлери «Тазалык» ишканасы менен биргеликте Чүй проспектиси менен 7-апрель көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан «Дасторкон» кулинариясын бузуу иштерин жүргүздү.

Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын башкы адиси Кайрат Шабданбековдун айтымында, аталган объект Чыгыш-5 кичи районун жакшыртуу максатында бузулду.

«Чыгыш-5 кичи районунда гүлбакча жана велосипед менен жүрүүчү жол куруу пландалып жатат. Чүй проспектисинен 7-апрель көчөсүнө чейин 33 объект алынат. Алардын арасында “Дасторкон“ дагы бар. Комиссиянын чечими менен бир тараптуу келишим бузулган. Бул объекттин ээси макулдугун берип, бузууга жардам берип жатат. Алардын тиешелүү документтери бар болчу. Бирок Бишкек шаардык кеңештин токтому менен комиссия түзүлгөн. 4-ноябрда ошол комиссиянын чечими менен келишим бузулган. Бүгүнкү күндө “Демир банк“ менен “KICВ“ банкынын жарнамалык тосмолору менен ондой күркө алынды», - деди Шабданбеков.

Ошондой эле Шабданбеков белгилегендей, объект муниципалдык тилкеде жайгашкандыктан компенсация төлөнбөйт.

Ал эми «Дасторкондун» ээсинин жубайы Гүлназ Полотбекова башка аймак бөлүнүп берилерине ишенерин билдирди.

«Биз кайгырып жатабыз. Бизге бул жерде велосипед менен жүрүүчү жол болорун айтышкан. Бирок алар жөн гана аймакты кеңейтишет экен. Кооз көрүнүштү түзүү үчүн бизнести жок кылуу туура эмес. Августта биз оңдоо иштерин жүргүзгөнүбүздү бардык түзүмдөр көрүшкөн. Бирок бузуларын эч ким айткан эмес. Башында “Дасторкон“ бузула турчу объекттердин тизмесинде жок болчу. Кошумча протокол менен кошушту. Баарынан биздин кызматкерлерге жаман болду. Алардын санын кыскартууга туура келди. Бул Бишкекте эң биринчи ачылган кулинариябыз. Бул жылы 21 жыл болот. Бизде 2023-жылга чейин тишелүү документтер бар болчу. Тагыраак айтканда, биз 5 жыл сайын жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы менен келишимди узартып турчубуз. Биз ордуна башка аймак сурадык. Бирок алар жер бөлүп берүү боюнча мораторий бар экенин айтышты. Каршылык көрсөткөн жокпуз», - деди ал.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком