18:20, Үчтүн айынын жыйырма тогузу, 2020
17:45, Үчтүн айынын жыйырма тогузу, 20202494 Оштогу борбордук аянтта кримчөйрөнүн 5 өкүлү кармалды
17:19, Үчтүн айынын жыйырма тогузу, 202049 Тоңдо «Мекенимди даңктаймын» сынагы өттү
Учурда окулуп жатат
17:45, Үчтүн айынын жыйырма тогузу, 2020 (282 адам окуп жатат)
Оштогу борбордук аянттын жанынан кримчөйрөнүн 5 өкүлү кармалды
13:46, Үчтүн айынын жыйырма тогузу, 2020 (148 адам окуп жатат)
«Фашисттик белгиби?» Нарын районундагы карагайлуу токойду кимдер түптөгөн?
12:41, Үчтүн айынын жыйырма тогузу, 2020 (63 адам окуп жатат)
Кафеде эс алып жаткан аялдын бетин тепкилеген кримчөйрөнүн өкүлү кармалды. Сүрөт
13:34, Үчтүн айынын жыйырма тогузу, 2020 (38 адам окуп жатат)
Ысык-көлдүк Максат Дорбаев Оштогу Бел айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды

Ишкер Саимаити өлтүрүлгөн жерден табылган унаа Кыргызстандын консулдугуна таандыкпы?

На русском
16:20, Жетинин айынын он бири, 2019 2380
Range Rover, обнаруженный на месте убийства Саимаити
Range Rover, обнаруженный на месте убийства Саимаити

Баракелде -  Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулдугуна ишкер Айеркен Саимаити өлтүрүлгөн жерден табылган унаа боюнча билдирме жөнөттү. Азырынча жооп келе элек. Бул тууралуу АКИpress агенттигине ТИМдин Маалымат департаментинин директору Уланбек Дыйканбаев билдирди.

Түркиянын Стамбул шаарында куралдуу кол салуунун кесепетинен ишкер Айеркен Саимаити каза болду. Окуя ал кечээ, 10-ноябрда саат 23:40та (Бишкек убактысы) мейманкананын кафесинде отурганда болгон.

Жергиликтүү басылмалар жарыялаган видеодон тергөөчүлөр 34 CC 2902 номуру (ак менен жазылган текст жашыл фондо) тагылган «Рендж Ровер» үлгүсүндөгү унааны сүрөткө тартып жатышканын көрүүгө болот. Мындай номурлар консулдук болуп эсептелинет. Тергөө иш-чаралары аяктагандан кийин унаа эвакуацияланды.

Окуя болгон жерге дароо полиция жөнөтүлүп, жабырлануучу ооруканага жеткирилген. Бирок анын өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон эмес.

Буга чейин Айеркен Саймаитинин ысымы «Азаттык» радиосунун Кыргызстандан чыгарылган 700 млн доллар тууралуу журналисттик изилдөөсүндө айтылган.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком