02:49, 12 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Barakelde.org: Майра Керим кызынын уулу 26 жашында каза болду

На русском
10:21, 11 жетинин айы 2019 25577
Акжолтой Канат уулу
Акжолтой Канат уулу

Баракелде -  Маркум төкмө акын Майра Керим кызынын уулу Акжолтой Канат уулу жол кырсыктын кесепетинен каза болду.

Акын Бердибек Жамгырчиев «Баракелде» басылмасынын кабарчысына берген комментарийинде билдиргендей, жол кырсык бүгүн, 11-ноябрда таңга маал Балыкчы—Кочкор унаа жолунда болгон. Учурда кырсыктын чоо-жайы такталып жатат.

Акжолтой Канат уулу 1993-жылы төрөлгөн. Ал жакында эле үйлөнгөн.

Болжолдуу маалымат боюнча, жол кырсык Балыкчы—Кочкор унаа жолунун 220-чакырымында болгон. Анда «Субару Импреза» менен «КамАЗ» кагышып, анын кесепетинен 4 адам каза болуп, 1 адам ооруканага түштү.

----------------------------------------------------------------------

Казак-кыргызга белгилүү төкмө акын Майра Керим кызы 2009-жылы узакка созулган оорудан улам көз жумган.

----------------------------------------------------------------------

Turmush басылмасынын маалыматы боюнча, кечээ, 10-ноябрда Тоң районунун Б.Мамбетов айыл аймагына караштуу Ак-Сай айылында түшүм майрамы менен биргеликте «Айылды өнүктүрүү» аталышындагы марафон өттү. Иш-чарага Ак-Сай айылынан чыккан белгилүү инсандар, ырчылар, актёрлор, жеке ишкерлер жана айыл тургундары катышкан. Алардын арасында Акжолтой Канат уулу да бар болчу.

Концерттик программа саат 19:00дө башталып, саат 22:00гө чейин уланган. Келген коноктор Ак-Сай айылында конок болуп, түндө Бишкек шаарына чыгып кетишкен.

----------------------------------------------------------------------

Кийинчерээк Кочкор РИИБ бул окуяны тастыктап: «11-ноябрга караган түнү саат 00:45 чамасында Кочкор РИИБдин ЖКККБнын кызматкери нөөмөт бөлүмүнө телефон аркылуу "Кочкор—Балыкчы автожолунда эки автоунаа сүзүшүп, жол кырсыгына учураптыр" деп билдирген. Окуя болгон жерге бөлүмдүн ыкчам тергөө тобу чыгып, буларды аныкташкан: 10-ноябрдан 11-ноябрга караган түнү саат 00:30 чамасында 1976-жылы туулган И.М. "Норд Бенц" үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаасы менен Балыкчы шаарына бара жаткан. Ал Бишкек—Торугарт унаа жолунун 218-чакырымына келгенде карама-каршы келе жаткан "Субару Импреза" үлгүсүндөгү унаа менен кагышкан. Анын кесепетинен "Субару Импреза" унаасынын айдоочусу А.у.Ж., жүргүнчүлөр — Кочкор районунун Ормон-Хан айылынын 2000-жылы тургуну Ж.у.К., 1993-жылы туулган К.А. жана 25-30 чамасындагы аял киши (өздүгү тактала элек) окуя болгон жерден каза болгон. Дагы бир жүргүнчү — Ош облусунун Кара-Суу районунун 1999-жылы туулган тургуну А.Ы. денесинен оор жаракат алып, Кочкор райондук аймактык ооруканасынын кайра жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган», - деп билдирди.

Окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, соттук-медициналык, соттук-автотехникалык экспертизалар дайындалып, териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком