18:42, 7 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

«Жолдошум экөөбүз ооруканадан качып кеттик...» Төрт эм төрөгөн эненин ачык баяны

На русском
12:33, 10 жетинин айы 2019 (Жаңыланды: 21:08, жетинин айы 10 2019) 95

Баракелде -  Чүй облусунун тургундары Виола Шелиховская менен Денис Красновдун 4 эм баласы быйыл 6 жашка толушту. Turmush басылмасынын кабарчысы бул үй-бүлө менен таанышып келди.

42 жаштагы В.Шелиховскаянын айтымында, жолдошу экөө чоң сыноодон өтүшкөн.

«Биз 5 жыл балалуу боло албай жүргөнбүз. Кош бойлуу болгонго чейин бир окуя болду. Анда 2009-жыл болчу. Биз жашаган көп кабаттуу үйдүн кире беришинде бир мышык пайда болду. Аны тургундар жакшы көрүшчү. Бир күнү үйгө келсек мышык эшиктин алдына 4 баласын алып келип, жатып алган экен. Биз кайын энемдин үйүндө жашагандыктан бул үйгө анда-санда гана келчүбүз. Эки жумадан кийин гана мышыкты кутуга салып, башка жерге котордук. Ошентсек деле балдарын биздин эшиктин түбүнө ташып келет. Себебин билбейбиз. Кошуналар ал мышыкка тамак берип, эркелетип калышчу. Бирок бизди тандаганы таң каларлык болду. Бир нече убакыттан кийин мышык жоголуп кетти. Ушул окуядан кийин эле мен кош бойлуу экенимди билдим», - дейт ал.

Анын айтымында, дарыгерлер ага эки баласынан баш тартуу керектигин айтышкан.

«Биз буга чейин бала жытына зар болуп жүргөнбүз. Анан УЗИге түшсөм дарыгер 4 түйүлдүк бар экенин айтты. Уккан кулагыма ишенген жокмун. Жолдошум угуп алып, кубанганынан көзүнө жаш алды.

Муну уккан дарыгерлер дароо чогулуш өткөрүштү. Жыйынтыгында алар 4 баланы көтөрө албайт деген чечим чыгарып, экөөнү гана калтыруу керектигин айтышты. Алар андай операция Алматыда жасала турганын айткан. Биз анализдерди чогултуп алып, Алматыга бардык. 4 баламдын экөөсүн кантип алдырам деген ой тынчтык берген жок.

Дарыгер Ринат Нурлановнадан "4 эмди көтөрүүгө мүмкүнбү?" деп сурасам, "сен узун бойлуусуң, 4 түйүлдүктү көтөрө аласың" деп жооп бергени мага үмүт берди. Бирок бир гана кудайга ишенип, жолго чыктык. Алматы шаарындагы ооруканадан УЗИге түшүп, 4 баламды тең көрдүк. Анын экөөнү алдырып салууга дитим барган жок. Дарыгерлер күтүп жатканда жолдошум экөөбүз ооруканадан качып кеттик. Алматы шаарын аралап, ыйлап, көпкө жүрдүк. Кайра ооруканага барып, биз экөөнү алдыруудан баш тарта турганыбызды айттык. Дарыгер бизге жабышып алды. Анткени бул процедура чоң акча болчу. Биз аларды укпай, кетип калдык. Ошентип мен борбордогу ооруканага келип, күн сайын дарыланып жаттым.

2013-жылдын 24-августунда саат 18:00 чамасында суу кетти. Жолдошума телефон чалдым. Оорукананын башчысы ар бир балага экиден дарыгерди чакырды. Ошентип саат 22:00дө операция башталды. Биринчи кызымды алып чыгышты. Аны ороп, кайра жандандыруу бөлүмүнө алып кетишти. Анан кийинкилерин алып чыгышты. Балдарыбыз 31-32 жумалык болуп, Диана 1,460, Лев 1,720, Влад 1,650, Милана 1,320 грамм салмакта төрөлүштү. Эркек балдарыма атасы дароо эле Лев жана Влад деген ысымды койду. Кыздардын атын тандоодо бир аз кыйналдык. 5 күн дегенде кайын эжем Диана жана Милана деп атады. Төрөттөн 9 күн өткөндө бизди башка ооруканага которушту. Ал жакта 5 күн жатып, анан үйгө чыктык», - деди ал.

Виола Шелиховская 4 эмди чоңойтуу абдан оор болгонун айтты.

«Кош бойлуу кезимде көп кыйналган жокмун. Токсикоз деле сезилген жок. Болгону буттарым шишип, белим ооруду. Бирок чоң коркунуч болгон жок. Кыйынчылык 4 эм төрөлгөндөн кийин башталды. Биз үйгө чыгып келгенде мамлекет тараптан эки бала багуучуну бекитип беришкен. Алар эки жумадан кийин эле качып кетишти. 4 эмди кароо чынында эле оор болду.

Андан кийин жардамчы жалдадык, бирок 1-2 айдан кийин эле кетип калып жатышты. Апам менен кайын энем багышты. Мен үйдө 4 бала менен жалгыз калган күндөрүм болду. Жолдошум эртеден кечке жумушта. Балдарым төрт жашка чыгып, бала бакчага барганда гана жеңил болуп калды. Аларда чогуу ойгонуп, чогуу уктап калуу деген болгон жок. Бири уктаса, экинчиси ойгончу. Бири ыйласа, экинчиси ойноп отурчу.

Азыр алар мектепке даярдоочу класска барып жатышат. Окуганды, жазганды билишет. Ден соолугу жакшы. Мен алар мыкты адам болуп чоңоёт деп ишенем. Жолдошум экөөбүз ушундай чоң сыноодон өткөнбүз», - деди Виола Шелиховская.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком