16:04, Бирдин айынын он жетиси, 2020
15:04, Бирдин айынын он жетиси, 202046 Бишкекте эки унаа кагышты
Учурда окулуп жатат
13:01, Бирдин айынын он жетиси, 2020 (77 адам окуп жатат)
Блогер «Sydyman» камакка алынды
14:55, Бирдин айынын он жетиси, 2020 (21 адам окуп жатат)
«Франкфурт жана Маяне» деген төрага адашканынын себебин айтты

Президент Сооронбай Жээнбековдун Илим күнүнө карата куттуктоосу

На русском
11:47, Жетинин айынын ону, 2019 191

Баракелде -  10-ноябрь — Кыргыз Республикасынын Илим күнү. Буга карата президент Сооронбай Жээнбеков окумуштууларды жана илимий ишмерлерди кесиптик майрамы менен куттуктады, деп билдирди басма сөз кызматы.

Мамлекет башчынын куттуктоосунда:

«Урматтуу окумуштуулар жана илимий кызматкерлер! Сиздерди кесиптик майрамыӊыздар — Илим күнү менен куттуктайм!

Өлкөбүздүн өнүгүүсү үчүн илимдин, билимдин, интеллектуалдык ресурстун мааниси өзгөчө.
Мамлекетибиздин туруктуу, коопсуз өнүгүшү жана глобалдык атаандаштыкка жөндөмдүү болушу үчүн илимдин ролу бийик.

Илимди жаңы деңгээлге көтөрүү менен экономикабызды жана социалдык чөйрөбүздү технологиялык жактан жаңылоону максат кылып, санариптештирүү боюнча өлкөбүздү региондогу алдыӊкы орунга алып чыгууну көздөйбүз. Андыктан, илим адамынын коомдогу баркын көтөрүп, ага ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө умтулабыз.

Сиздерге бекем ден соолук, жаңы илимий ачылыштарды каалайм», - деп айтылат.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком