16:06, 18 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Видео — Бишкектеги баш аламан тыгын

На русском
17:53, 8 жетинин айы 2019 300

Баракелде -  Бишкек шаарынын 7-апрель менен Горький көчөлөрүнүн кесилишинде баш аламан тыгын пайда болду.

Бүгүн, 8-ноябрда аталган тилкеге айланма кыймыл уюштуруу үчүн бетон конструкциялар орнотулуп, жол чырактар өчүрүлгөн. Буга чейин мэрия айланма кыймыл шаардын жолдорундагы унаа кыймылы көп болгон тилкелерди бошотуу үчүн уюштурулат деп билдирген болчу.

Тыгын учурундагы видео (интернет баракчаларына тараган)

«Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын адистери нөөмөткө чыгып, көзөмөлдөшөт. Эгер бул иш ийгиликтүү болсо, аталган тилкеде айланма жол болот. Кийинки жылы айланма кыймылды эске алуу менен жол оңдоо иштери жүргүзүлөт», - деп айтылат мэриянын маалыматында.

Мындай иштерди Чүй проспектиси менен 7-апрель көчөлөрүнүн кесилишиндеги тилкеде да жүргүзүү пландалып жатат.

Круговое движение на 7 Апреля - Горького

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком