11:00, 18 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Бишкектеги өрт: Адамдарды патрулчулар көтөрүп чыгышты (видео)

На русском
17:48, 8 жетинин айы 2019 531

Баракелде -  Бишкектеги «Антошка» тез тамактануучу жайындагы өрт андагы 1 кызматкердин өмүрүн алып, жаракат алган 15 чакты адам дарыгерлердин көзөмөлүндө болууда. Өрт бүгүн, 8-ноябрда саат 13:40 чамасында чыгып, саат 14:08де чектөөгө алынып, 15:20да толук өчүрүлгөнүн ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Өрт учурунда Чүй проспектиси менен Эркиндик бульварынын кесилишиндеги имараттын ичинен адамдарды кантип куткарышканын Борборбек Ташматов АКИpress агенттигине айтып берди. Ал — Бишкек ШИИБдин Патрулдук милиция кызматынын 5-ротасында улук лейтенант.

Анын айтымында, тез тамактануучу жайдын имаратында жарылуу болгон маалда «Ала-Тоо» кинотеатрынын аймагында кызматын өтөп жүргөн.

«Саат 13:45 чамасы болчу... Жарылуудан кийин катуу өрт башталды. Айдоочулар жабыркабасын деп унаа жолду тостук. Жөө патрулчуларды чакырдык. Ошондой эле ал жерге патрулдук милициянын 10 чакты экипажы жетип барышты.

Өрт өчүрүүчүлөр менен медициналык тез жардам кызматын чакырып, өрт чыккан аймакты курчоого алдык». - деди улук лейтенант.

Дарыгерлер жеткенге чейин патрулчулар адамдарды куткаруу иштерин жүргүзүшкөн.

«Жабыркагандарды тез жардам кызматынын станциясына чейин жеткирдик», - деп кошумчалады.

Окуяга күбө болгон окурмандар редакцияга жөнөткөн видеодон патрулчулар жабыркагандарды көтөрүп бара жатканы көрүнөт.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком