16:05, 18 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Кыргызстандык волейболчулар Бангладештеги эл аралык турнирге катышат

На русском
20:00, 8 жетинин айы 2019 65
Женская сборная Кыргызстана по волейболу
Женская сборная Кыргызстана по волейболу

Баракелде -  Кыргызстандын кыз-келиндер арасындагы курамасы волейбол боюнча Азия чемпионатына катышат. Волейбол федерациясынан билдиришкендей, турнир 9-14-ноябрь күндөрү Бангладештин Дакка шаарында болот.

Чемпионатка Афганистан, Бангладеш, Кыргызстан, Мальдив, Непал өлкөлөрүнүн волейболчулары катышат. Бардык командалар бири-бири менен бирден айлампа оюн өткөрүп, жыйынтыгында 1-2-орундарга ээ болгон командалар финалга чыгат. Ал эми 3-4-орундарга ээ болгондор коло медаль үчүн беттешет.

Кыргызстандын курамасы Абдухамид Айсаходжаевдин жетекчилигинде 6-ноябрда Бангладешке учуп кеткен.

Турнирдин күн тартиби:

1-тур, 9-ноябрь

Кыргызстан — Мальдив (саат 10:00)

Афганистан — Бангладеш (саат 16:00)

2-тур, 10-ноябрь

Афганистан — Непал (саат 13:00)

Бангладеш — Мальдив (саат 15:00)

3-тур, 11-ноябрь

Кыргызстан — Непал (саат 13:00)

Афганистан — Мальдив (саат 15:00)

4-тур, 12-ноябрь

Афганистан — Кыргызстан (саат 13:00)

Бангладеш — Непал (саат 15:00)

5-тур, 13-ноябрь

Мальдив — Непал (саат 13:00)

Бангладеш — Кыргызстан (саат 15:00)

Финалдык беттеш 14-ноябрь күнү өтөт.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком