16:06, 18 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Кыргыз депутатын «Хюррем султан» кечеге чакырды

22:07, 8 жетинин айы 2019 124

Баракелде -  Лос-Анжелес шаарында Жогорку Кеңештин депутаты, режиссер Садык Шер-Нияз тарабынан негизделген бешинчи эл аралык Азия кинофестивалы башталды. Ага АКШда жашаган кыргыздар, Мерьем Узерли жана Кыргызстандын АКШдагы элчиси Болот Отунбаев катышкан.

Фестивалга «Даңазалуу доор» сериалында Хюрремдин ролун аткарган түркиялык актриса Мерьем Узерли жардам берип, кечеге чакырганын Садык Шер-Нияз Фейсбук социалдык тармактагы баракчасында жазды.

«Бүгүн Мерьем Узерли фестивалга жардам берип, атайын кечесине чакырып, аябай төгүлүп-чачылды. Биз деле кем калышкан жок окшойбуз. Мерьем сулууга ыраазычылыгыбызды айттык. Кыргызстандан келген коллегаларыма (кесиптештериме), досторума, бул жерде жардам берип жаткан элчибизге ыраазычылык айтам», - деп жазды Садык Шер-Нияз.

----------------------------------------------------

Буга чейин аталган фестивалда Мерьем Узерли калыс болоору белгилүү болгон. Ошондой эле калыстардын курамына Гука Омарова (Казакстан), Киу Чинь, Сара Финн, Жереми Каган, Тин Тин Сюй, Ирис Ямашита кирген. Ал эми жеңүүчүлөр 5 категорияда: «Мыкты тасма», «Мыкты актер», «Мыкты актриса» деп тандалып, ошондой эле калыстар тарабынан атайын белектер берилет.

Фестивалга 50 өлкөдөн: Түркиядан Японияга чейин, Россия, Индия жана Жакынкы Чыгышта тартылган тасмалар катышат.

Ал эми Кыргызстандын атынан режиссер Бекзат Пирматовдун «Аврора» жана Айбек Дайырбековдун «Дарак ыры» тасмасы көрсөтүлөт. Ошондой эле Садык Шер-Ниязовдун «Курманжан датка» тарыхый тасмасы дагы тартууланмакчы.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком