16:02, 18 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Адам өмүрүн алган өрт: Премьер-министр өрттүн себептерин иликтеп, жабыркагандарга жардам көрсөтүүнү тапшырды

На русском
16:14, 8 жетинин айы 2019 63

Баракелде -  Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Саламаттыкты сактоо министрлигине бүгүн, 8-ноябрда Бишкек шаарында кафеде чыккан өрттүн кесепетинен жабыркагандарга тиешелүү медициналык жардам көрсөтүү жана дарылоо боюнча чараларды көрүүнү тапшырды.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, М.Абылгазиев тиешелүү мамлекеттик органдарга Чүй проспектиси менен Эркиндик бульварынын кесилишиндеги жарылуунун жана андан улам тез татым жайынын өрттөнүшүнүн себептерин тыкыр иликтеп чыгуу тапшырмасын берди.

Алдын ала маалыматтар боюнча, тез татымдагы жарылуудан 13 адам жабыркаган. Алардын ичинде 3 бала бар, жабыркагандардын бири (тез татымдын кызматкери) ошол жерде каза болгон.

Үч бала тез жардам кызматы аркылуу Балдардын шаардык ооруканасына жеткирилип, дарыгерлердин кароосунан кийин амбулатордук дарыланууга чыгарылды. Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна тогуз адам жеткирилген.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком