16:04, 18 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Адам өмүрүн алган өрт: Бишкектеги тез тамактануучу жайда 2 газ баллон жарылган

15:41, 8 жетинин айы 2019 236

Баракелде -  Бүгүн, 8-ноябрда Бишкектин Чүй проспектиси менен Эркиндик бульварынын кесилишиндеги «Антошка» тез тамактануучу жайында өрт чыкты.

ШИИБдин маалыматы боюнча, окуя болгон жерде 2 газ баллон жарылган. Биринчи жарылуу болжол менен саат 13:45те болгон. Анын кесепетинен жалпы 12 адам жабыркаса, алардын ичинен бешөө жаш балдар. Ошол жерде эмгектенген бир адам (аял киши) каза болду.

Жабырлануучулар Бишкек травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборуна жана №3 шаардык бала балдар ооруканасына жеткирилди. Учурда бардык жабырлануучуларга медициналык жардам көрсөтүлүүдө. Кырсык болгон жерде Биринчи май РИИБдин тергөө тобу иштеп жатат.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком