16:05, 18 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Сүрөт, видео — «Антошкадагы» өрткө чейин жарылуу болгон

14:42, 8 жетинин айы 2019 3812

Баракелде -  Бишкектин Чүй проспектиси менен Эркиндик бульварынын кесилишиндеги «Антошка» тез тамактануучу жайынын имаратында 3 жолу жарылуу болгон. Бул маалыматты өрткө күбө болгон окурмандар билдирди. Айрымдар газ жабдыктары жарылды деп божомолдоп жатышат.

Имаратта өрт чыккан учурда ичинде кызматкерлер жана кардарлары бар болчу. Акыркы маалыматтар боюнча, жалпы 15 адам жаракат алып, 1 адам каза болду (тез тамактануучу жайда эмгектенген аял киши). Жабыркагандардын арасында жаш балдар дагы бар.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча өрт тууралуу чакыруу бүгүн, 8-ноябрда саат 13:42де болгон.

«Ошол замат Свердлов райондук өрт куткаруу бөлүмүнөн 2 бөлүм, саат 13:48де дагы 1 бөлүм, ага кошумча штаб жөнөтүлдү», - деп билдирди ӨКМдин басма сөз кызматы.


Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком