16:01, 18 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарга кайрылуу жолдоду

16:52, 8 жетинин айы 2019 167

Баракелде -  Кыргызстанда 7-8-ноябрда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленип жатат. Кечээ өлкө жетекчилери «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинде болуп, тарыхый инсандарды эскеришкен.

Бул күнгө карата президент Сооронбай Жээнбеков жалпы кыргызстандыктарды куттуктап, кайрылуу жолдогон. Анын кайрылуусун басма сөз кызматы жарыялады.

Анда: «Урматтуу мекендештерим!

Ушул күндөрү биз тарыхыбыздагы тагдыр чечүүчү мезгилдерди эстейбиз, ата-бабаларыбызды эскерип, алардын элесине таазим этебиз. Алар кылымдарды карыткан кыйын кезең жолдорду басып өтүп, бизге сыймык тартуулаган тарыхты мурастады. Элибиз орто кылымдарда Улуу кыргыз дөөлөтүн түзүп, кийин мамлекетин жоготуп, тарыхтын оор сыноолорун башынан кечирди.

“Каны көөкөрдө, башы канжыгада” болуп, мамлекеттүүлүк идеясын кылымдар бою жан дүйнөсүнүн түпкүрүндө сактап, ал үчүн тынымсыз күрөшүп келди. Аталарыбыз Улуу Үркүндү, Октябрь революциясын башынан кечирди.

Улуу мамлекеттик ишмерлерибиздин чечкиндүү эмгеги менен РСФСРдин курамында 1924-жылы Кара-Кыргыз автономиялык облусунун, ал эми 1936-жылы Кыргыз ССРинин түзүлүшү – тагдыр чечүүчү тарыхый окуялар болду. Бул окуялардын баасы – өтө бийик, саясий репрессияда курман болгондордун өмүрү менен өлчөнөт. Кылымдар бою эңсеген элдин мүдөөсү аткарылып, 1991-жылы эгемен мамлекетибизге ээ болдук, мамлекеттүүлүгүбүз кайрадан жаралды.

Биз ата-бабаларыбыздын элесинин алдында мамлекетибиздин келечеги үчүн тарыхый ыйык жоопкерчиликти сезип турабыз. Карт тарых тастыктап тургандай, элдин ынтымагы баарынан жогору, өлкөбүздөн өткөн дөөлөт жок.

Биз – улуу элдин урпагыбыз, бизге калган ыйык мурасыбыз – эгемен мамлекетибизди көздүн карегиндей сактап, бакубат өнүгүүсүнө жетишип, урпактарга берүүгө милдеттүүбүз. Биз жарандарыбыздын этникалык, диний көп түрдүүлүгүн сактап, ынтымакта элибиздин биримдигин бекемдөө менен бул максаттарыбызга жетебиз, бакубат, гүлдөгөн Кыргыз Республикасын курабыз.

Элибизде ар дайым аманчылык, жергебизде дайыма тынчтык болсун. Сүйүктүү Кыргызстаныбызды Жараткан Кудай колдосун!», - деп айтылат.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком