11:03, 18 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Психолог: Социалдык тармакка сүрөт жүктөй бергендердин жан дүйнөсүндө кемтик бар (видео)

13:01, 8 жетинин айы 2019 23
Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Баракелде -  Бүгүнкү күндө интернет желеси адамзаттын жашоосунун бир бөлүгүнө айланды. Адамдар социалдык тармактарды тынбай ар кандай сүрөттөрүн жүктөшөт. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы социалдык тармактарга байланган адамдар боюнча психолог Дөөлөткан Кабыковадан маалымат алды.

Анын айтымында, адам социалдык тармакка 1 күн кире албай нерви чыңалып чыкса интернет мания оорусу менен жабыркап калган болот.

«Бүгүнкү күндө интернет мания оорусу бар. Бирок селфи мания азырынча психологдордун арасында оору, оору эмес деген талашты жаратып келет. Социалдык тармакка 1 күн кире албай, ичи бук болуп, нерви чыңалып чыкса, демек интернет мания оорусу менен жабыркап калган болот.

Негизи эле социалдык тармакка жасанган сүрөтүн, жакшы жерлерде жүргөн же тамагын жүктөй бергендер жан дүйнөсүндө толбой калган кемтиги бар адамдар. Реалдуу жашоосундагы кемчилдигин виртуалдуу дүйнөдө толтуруп алат. Бактылуу адам реалдуу жашоосундагы бакыты менен алек болуп, виртуалдуу адамдарга жарыялоону туура көрбөйт жана убактысы да болбойт. Бактысында кемчилиги бар адамдар, түгөйү менен жакшынакай сүрөткө түшүп, социалдык баракчасына тез-тез жүктөп ошол кемчилдикти толуктагысы келет. Өзүн-өзү селфи кылып тартып жүктөй бергендерде нарциссизм бар (нарциссизм — өзүн-өзү ашыкча сүйүү). Кичинесинде же жаштыгында ички дүйнөсүндө калган боштукту, кемчилдикти, өкүнүчтү «лайк», жакшы комментарий менен толтурам деп ойлойт. Ал виртуалдуу дүйнөдө бактылуу, сулуу болот дагы. Ал жактагы адамдар анын кемчилигин айтпайт. Ошондуктан ал жактан чыккысы келбейт. Анын жакындары колдогондо, жасаган тамагын мактап жешкенде тамагын интернетке чыгарбайт эле.

Социалдык тармакка бетин жаап же арт жакты карап жүзүн көрсөтпөй сүрөткө түшкөндөр үй-бүлөсүндө же жакындарынан толук мээрим алган эмес. Өзүнө ишеними жок, жан дүйнөсү чүнчүгөн, бул ааламда бармын деп көрсөтө албайт. Өзүнүн ордун таба электер. Келбет-мүчөсүн, түрдүү позада тартып жүктөгөндөрдүн дагы жан дүйнөсүндө кемчилик бар. Алар сырттан колдоо күтүшөт. Мүнөзүндө өзүмчүлдүк бар жана башкаларга да сырткы көрүнүшкө карап баа берет.

Бир ирет кабылдамага келген адамдын аты-жөнүн жазбай окуясын жазып, сабак алгыла деп койдум эле. Анан бирөө «сага ишенип сырын айтса, сен аны жарыялап жатасың» деген сыяктуу дагы негатив пикир калтырыптыр. Ал окуяда ата менен баланын начар мамилеси тууралуу жазылган эле. Ал кишинин баракчасына кирсем, менден улуу киши экен. Жазгандары да жалаң негатив экен. Демек менин жазганым анын жаралуу жерине тийген дагы, ошол ой терс пикир калтырууга алып келген. Андай адамдарга кубануу керек. Себеби жаралуу жерине тийип, кайра ошол маселеге кайрылат», деди ал.

Психолог мындан тышкары түгөйлөрүнүн социалдык тармак аркылуу жазышкандарын окуп калып, эмне кыларын билбей келген түгөйлөр болорун айтты. Көбүнчө жаш келиндер күйөөлөрү башкалар менен бойдокмун деп сүйлөшүп жүргөндөрүн кармап алышат.

Ал эми Ош шаарынын жаш тургундарынан сурамжылоо учурунда кээ бири студент болгондуктан, социалдык тармакка аз убакыт бөлөбүз дешсе, кээ бири 1 саат кирип ошол бойдон алаксып кетерин айтышты.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком