11:03, 18 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

«Конок тоскондон кийин...»: Таластагы кош бойлуу келиндин өлүмү

На русском
12:20, 8 жетинин айы 2019 78

Баракелде -  Август айында Таласта кош бойлуу 23 жаштагы келин оорудан улам көз жумган. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы окуянын чоо-жайын такташтырды.

Саламаттыкты сактоо боюнча Талас облусундагы координатор Аттокур Шадиевдин айтымында, кош бойлуу келиндин туугандары дарыгерлердин үстүнөн прокуратурага арыз жазышты.

«2019-жылдын август айында кош бойлуу келин көз жумду. Ал бул жактан эмес, Бишкек шаарындагы ооруканалардын биринде 16 күн жатып каза болгон. Бүгүнкү күндө келиндин ата-энеси «дарыгерлер карабай койгон» деп, дарыгерлердин үстүнөн прокуратурага арыз жазышкан экен. Ал бейтап биринчи Бакай-Ата райондук ооруканага кайрылыптыр», - деди ал.

Бакай-Ата райондук биргелешкен ооруканасынын төрөт бөлүмүнүн башчысы Мария Кутманалиева маркум келин аларга 13-августта кайрылганын айтты.

«Мен төрөт бөлүмүндө иштеп жатканыма 40 жыл болду. Бирок ушунча жылдан бери биринчи даттануу болуп жатат. Бул бейтап 13-августта кайрылган. 5 мүнөттүк чогулушта мага нөөмөттөгү акушерлер Момбекова менен Тагаева келип «Мария эже, кош бойлуу келин келиптир. Ичи өтүп жатыптыр. Кан басымы 120/10, пульс 80, дене табы 36° экен. Кичине кусуп, анан ичи өтүп жатат. Биринчи көрүп коёсузбу» дешти. Ал бейтап 23 жаштагы А.С. экен. Кабыл алуучу блокко алып барып, кайра кан басымын өлчөдүк. Төрөт жагын да көрдүм, толгоо жок экен. Курсактагы балага 33-34 жума болуптур. Саргайган жери деле жок экен. Кайра тургузуп, нөөмөттөгү акушеркалардын көзүнчө көзүнүн саргайганы барбы же жокпу деп карап көрүп, анан «эмнеге даттанып жатасың?» десем, «маал-маалы менен кусам, ичим да өтүп жатат» деди. Качан башталды эле деп сурасам: «Жакшынакай жүргөм. 11-августта айт күнү кыйналып калдым. Диетаны буздум, конок тостум. Ошондон кийин ушундай болуп сыркоолоп калдым» деди. «Мурда ооруган жок белең?» десем, «Жок, эч жерим ооруган эмес. 11-августтан баштап эле ооруп калдым» деди. Анан боорунун өлчөмүн көрүп, мүмкүн диета бузулуп, өтү же бооруна доо кетпесин деп УЗИ доплерге жөнөттүм. Ал жактан саат 14:30 - 15:00 чамасында келди. УЗИде «желчный пузырь и печень без патологий» (өт менен боордо патология жок) деп жазыптыр. Бирок бейтап келин «эже, сизге кайра келгенче эле 2-3 жолу ичим өттү» деди. Мен текшерип: «Сени гастроэнтерит деген диагноз менен бул жерде алып калууга болбойт. Анда инфекциялык бөлүмгө барасың. Ал жерден дагы далилдеп, дарылашабы же жаткырышабы ошол жактын дарыгери чечет» деп инфекционистке жөнөттүм. Ошондон кийин ал келинди көргөн жокмун.

Мен билген маалымат боюнча, ал менден чыккан соң инфекционистке барбай, жеке дарыгерге барып, андан 400 граммдык физраствор капельница алган экен. Кайра 14-август күнү Бакай-Ата райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна кайрылыптыр. Ичим өтүп жатат деп кайрылгандыктан терапевт гостроэнтрит деп, процедура кабинетинде 3 күндүк капельница алуу керек деп жазып берген экен. Ал келин процедура кабинетине келбестен үйүнөн алыптыр. 3-күнү үйүнөн капельница коюп жаткан медайым денеси саргайганын байкап, «ооруканага бар» дептир. Ал 16-август күнү Талас облустук ооруканасына барган экен. Ал жактан текшерүүдөн өткөндө HELLP синдрому деген диагноз коюлуп, Бишкек шаарына атайын санавияция менен алып кетишкен экен. Ал жактан ал диагноз тастыкталыптыр. НЕLLP синдрому — бул боордун функциясынын бузулушу. Өтө сейрек кездешкен оору. Курсактагы баласы жансыз болуп калыптыр. Тилекке каршы өзү 16 күндөн кийин каза болду», - деди дарыгер.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком