11:00, 18 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Кара-Көлдүн тургуну той өткөрүп, ат оюндарынын байгесине 2 унаа койду

10:19, 8 жетинин айы 2019 35

Баракелде -  Кара-Көл шаарынын тургуну 7-ноябрда элден бата алуу максатында той өткөрүп, анын алкагында ат оюндары боюнча мелдеш уюштурду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, ал баш байгеге 2 жеңил унаа койгон. Анда эр эңиш, күрөш, кунан чабыш, аламан байге, кол күрөш жана улак тартыш боюнча мелдеш өткөрүлдү. Ага Кетмен-Төбө өрөөнүнөн, Токтогул, Таш-Көмүр жана Кара-Көл шаарларынан, Аксы районунан жана Чүй облусунан келген командалар катышты.

Аламан байге 15 чакырымга чабылып, күлүктөрдүн арасынан Чүй облусунун Ысык-Ата районунун тургуну Болотбек Абдыкалиевдин Карлыгач аттуу күлүгү 1-орунду алды. Жеңүүчү «Жигули» унаасынын ээси болду. Ал эми кунан чабышка 10 чабандес катышты. Жыйынтыгында Токтогул районунун Жетиген айылынын тургуну Жумалиев Касымдын Куурчак аттуу күлүгү 1-орунду багындырып, чабандес 15000 сом менен сыйланды.

Күрөш боюнча мелдештин баш байгесине 70 миң сом коюлган. Ошондой эле балбан кыздар дагы күч сынашты.

Мындан тышкары улак тартыш боюнча мелдешке 9 команда катышты. Токтогулдан «Комсомол», «Токтогул», Өзгөрүш айылынан «Камыш башы», «Чоңко», «Көк таш», Терек-Суу айылынан «Терек-Суу», Торкен айылынан «Ынтымак», Кочкор-Ата жана Кара-Көл шаарларынын командалары катышты. Алардын ичинен 1-орунду багындырган «Терек-Суу» командасы «Жигули» унаасын алышты. 2-орунду алган Кара-Көл шаарынын улакчылары 30 миң сом, 3-орунду ээлеген команда 20 миң сом, 4-орунду алган команда 10 миң сом менен сыйланды.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком