11:03, 18 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Видео, сүрөт: Түркияда Сүймөнкул Чокморов менен Таттыбүбү Турсунбаева эскерилди

На русскомEnglish
10:19, 8 жетинин айы 2019 (Жаңыланды: 15:35, жетинин айы 09 2019) 237

Баракелде -  7-ноябрда Түркиянын Анкара шаарында Кыргызстандын элчилиги ТҮРКСОЙ менен биргеликте белгилүү актер, сүрөтчү, СССРдин эл артисти Сүймөнкул Чокморов менен кыргыз киносунун, театрдын жылдызы, сахна ажары, таланттуу актриса Таттыбүбү Турсунбаеваны эскерүү маданий иш-чарасын уюштурду.

Иш-чаранын алкагында ѳчпѳс жылдыздар Сүймөнкул Чокморов менен Таттыбүбү Турсунбаевага арналган сүрѳт кѳргѳзмѳсү, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун аңгемесинин негизинде режисер Төлөмүш Океев тарабынан тартылган «Кызыл алма» тасмасы көрсөтүлдү.

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев эки жылдыздын кыргыз маданиятына кошкон салымын белгилеп, маданий иш-чара Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө — 7-ноябрга туш келгенин билдирди.

Иш-чарада маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Нуржигит Кадырбеков, ТҮРКСОЙдун башкы катчысынын орун басары Б.Чакыжы, Анкаранын музыка жана көркөм өнөр университетинин ректору Э.Парлак, Т.Турсунбаеванын агасы Нуркан Турсунбаев эскерүү сѳздѳрү менен иш-чаранын катышуучуларына кайрылуу жасашты.

Ошондой эле аталган маданий кечеге жергиликтүү маданий ишмерлер, Анкарадагы чет ѳлкѳлүк элчиликтердин ѳкүлдѳрү, түрк жана кыргыз студенттер, Түркиянын аймагында жашаган кыргыз мекендештер күбө болушту.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком