11:02, 18 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Айыл турмушу: Алайдагы чебер айымдар топтолуп, кыздарга сеп даярдап жатышат (видео)

11:00, 7 жетинин айы 2019 17

Баракелде -  Алай районунун Кең-Жылга айылынын 59 жаштагы тургуну Разия Токтошова 40 жылдан бери шырдак жасап, улуттук кийимдерди тигип, кыздарга сеп даярдап келет. Аймактык кабарчы чебер айымдан кабар алды.

Анын айтымында, учурда «Аруузат» аялдар коомунун мүчөсү. Айылдагы жумушсуз аялдарга кол өнөрчүлүгүн үйрөтүп, 20дан ашуун кыз-келиндерди жумуш менен камсыз кылган.

«Мен кол өнөрчүлүк менен алектенгениме 40 жылдан ашты. 2010-жылдан баштап айылдагы жумушсуз аялдарга өз өнөрүмдү үйрөтүп, жумуш менен камсыз кылып баштагам. Жылына жаңы жумушчу алып турам. Азыр 20дан ашуун аял иштеп жатабыз. Айылдагы жалгыз бой аялдар, жардамга муктаж кыз-келиндер, өзү кызыгып, акча табам деген келиндер да келишет. Ар кандай кийим-кечелерди тигебиз. Чоңдордун, балдардын кийимдерин, төшөк, жууркан, шырдак, кыздардын себин даярдайбыз. Бирок биз жалаң буйрутма менен тигебиз. Азырынча өз алдыбызча көп өлчөмдөгү буйрутма алып, башка жакка өткөргөнгө мүмкүнчүлүгүбүз жок.

Жазында жергиликтүү тургундардан кийим-кече тигип берүүгө буйрутмалар көп болот. Кыздардын себине буйрутмаларды алабыз. Биз ушул жууркан, септерден жакшы пайда табабыз. Суук түшкөндөн баштап кийиз, шырдак жасап баштайбыз. Азыр «Аруузат» аялдар бирикмесинин коому жумушсуз. Башкалар көп балалуу, жесир аялдар үчүн тигүүчү машиналарды алып беребиз деп убада беришти. Японияга буйрутма беришиптир. Ал машинкалар келгенде балдар үчүн төшөнчүлөрдү тигип дүңүнөн сатабыз деп пландап жатабыз. Кыргыздын улуттук кийим-кечеси, кийиз-шырдактары, кол өнөрчүлүгү унутта калбасын деп аракет кылып жатабыз. Шырдактарды чет өлкөлүктөр кызыгуу менен сатып алышат. 8 миң сомдон баштап 70-80 миң сомго чейин сатылат. Чет өлкөлүктөр дароо эле жакшы, табигый жүндөн жасалганын байкап, соодалашпай эле алып кетишет», - деди чебер айым.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком