11:00, 18 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

«Акимдин кызыкчылыгы барбы?»: Кара-Суудагы көмүр кампа эмне үчүн буздурулган?

09:00, 7 жетинин айы 2019 21

Баракелде -  5-октябрда Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнө караштуу Кашкар-Кыштак айылындагы көмүр кампанын бузулушунда аким Тилек Матраимовдун кызыкчылыгы бар деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу акимчиликтен билдиришти.

Акимдин орун басары Мехринса Жороеванын айтымында, кампа мыйзамсыз курулган.

«Бул кампа мыйзамсыз эле курулган экен. Ал жерде акимдин кызыкчылыгы жок. Ар ким ар кандай сөздөрдү чыгара беришет экен. Курулушу мыйзамсыз болуп, эч кандай талаптарга жооп бербегенден кийин, өз каалоосу менен бузбаса ушундай чара көрүлөт да», - деди Жороева.

Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Матазим Абдуллаев көмүр кампага акыркы чаралар көрүлгөнүн айтты.

«Буга чейин көмпүр кампанын жетекчилигине эскертүүлөр берилген. Акыркы чараларды көрдүк. Азыр бул ишти бардык кызмат текшерип жатат. Биздин эскертүүлөрүбүзгө карабай ишти уланта бергенинен ушул иш болду. Бузула турган курулуш эле, бузулду. Азыр бардык эле аймактарда мыйзамсыз курулуштар бузулуп жатпайбы. Биз дагы мыйзамсыз болгондуктан буздук», - деди Абдуллаев.

Мамлекеттик экология жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциясынын Кара-Суу району боюнча аймактар аралык башкармалыгынын башчысы Рысбек Юсуповдун маалыматы боюнча, аталган көмүр кампа мыйзамсыз курулган.

«Көмүр кампа жогорку чыңалуудагы электр мамычасынын түбүнө курулган. Анан вагондорду орноткон. Талап боюнча бул такыр туура эмес. Чындыгында ал мыйзамсыз курулуш эле», - деди Юсупов.

Аким Тилек Матраимов бул ишти прокуратура текшерип жаткандыгын белгиледи.

«Биринчиден, эч кандай кызыкчылыгым жок. Экинчиден, баары мыйзамдуу болушу керек. Ал жайга көмүр төгүүгө да шарт жок болчу. Учурда бул ишти прокуратура текшерип жатат. Ошол текшерүүдөн кийин жыйынтыгы чыгат», - деди аким.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком