11:00, 18 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Бишкекте жаш кыздын жансыз денеси табылды (сүрөттөн абайлаңыз)

На русском
15:21, 6 жетинин айы 2019 1797
Иллюстративное фото
Иллюстративное фото

Баракелде -  Бишкек шаарындагы ЖЭБдин насостук станциясында кыздын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Түзүмдүн билдирүүсү боюнча, 3-ноябрда саат 07:00 чамасында 20-25 жаштагы кыздын жансыз денеси табылган. Денени кароодо күч колдонуу белгилери болгон эмес.

Белгилери: Бою болжол менен 165 см, арыкчырай, бет түзүлүшү тоголок, чачы кара жана узун.

Кийген кийимдери: «I LOVE MOSCOW» деген жазуусу бар көк түстөгү футболка, ак жана кызгылт түстөгү ич кийим, «SPORTS» деген жазуусу бар кызыл түстөгү кыска шым, бутунда ак түстөгү спорттук бут кийим кийип жүргөн.

Негизги белгилери: Үстүңкү жаагынын оң тарабында кыйшык өскөн тиши бар, сол бутунда браслет (адамдын алаканы менен бактын сүрөтү тартылган) тагынып жүргөн.

Милиция кызматкерлери сүрөттөгү маркум кыз тууралуу маалыматы бар бардык жарандарды байланышууга чакырат. Номурлар: 102-387, 0 (703) 222-622, 0 (702) 498-888, 0 (772) 847-336 жана 102 кызматы.

11(1)

Осторожно, фото! Просьба особо впечатлительным не смотреть

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком