11:02, 18 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

17 адам көз жумган окуя: Чек арадагы заставага кол салгандар террордук уюмдун мүчөлөрү болгон

На русскомEnglish
15:08, 6 жетинин айы 2019 1184

Баракелде -  Тажик-өзбек чек арасындагы №4 «Ишкобод» чек ара заставасына кол салгандар «Ислам мамлекети» террордук уюмунун мүчөлөрү болгон. Бул тууралуу Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө куралчан террордук топ 3-ноябрда атайын тапшырма менен Афганистанда жайгашкан Калъаи-Зол районундагы мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүп, Тажикстандагы Кубодиён аймагына киришкен.

Калъаи-Зол району Афганистандагы Кундуз провинциясынын аймагына кирет.

Screenshot_2019-11-06 Google Maps(4)

«Алар өздөрүнө ыңгайлуу болгон "Ишкобод" чек ара заставасын тандап, курал менен ок атып башташкан», - деп айтылат маалыматта.

Screenshot_2019-11-06 Google Maps(3)

Учурда тергөө иштери улантылып жатат.

Буга чейин 20 адамдан турган куралдуу топ бет кап кийип, тажик-өзбек чек арасында жайгашкан чек ара заставасына кол салганы маалым болгон.

6-ноябрга караган түнү саат 3:23 чамасында белгисиз адамдар ок атуучу куралдар менен «Султанабад» чек ара аскер бөлүгүндөгү №4 «Ишкобод» чек ара заставасына кол салганын Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Кол салуу учурунда алар 5 даана ок атуучу куралды тартып алышкан. Күч түзүмдөрү жүргүзгөн операциянын жыйынтыгында куралдуу топтун 15 мүчөсү жок кылынып, бешөө кармалды. Атышууда 1 чек арачы жана Тажикстандын Ички иштер министрлигинин 1 кызматкери каза болду. Жалпы 17 адам көз жумду.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком