16:07, 18 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Бишкекте 11-кабаттан кулап кеткен кыз тирүү калды

На русскомEnglish
13:30, 6 жетинин айы 2019 9006

Баракелде -  Бишкек шаарында көп кабаттуу имараттан жаш кыз кулап кетти. Бул тууралуу бүгүн, 6-ноябрда АКИpress агенттигине ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Болжолдуу маалымат боюнча, окуя Киев менен Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан курулуш объектисинде («Бай-Таш груп» компаниясына таандык) болгон. Жаш кыз 11-кабаттан пенопластка кулап түшкөн.

«Биринчилерден болуп окуя болгон жерге Патрулдук милициянын кызматкерлери барып, андан кийин тез жардам кызматын чакырышкан. Кыз тирүү калып, ооруканага жаткырылды», - деп айтылат маалыматта.

Кийинчерээк маалым болгондой, оор жаракат алган кыз Бишкек шаардык травматология жана ортопедиялык илимий-изилдөө борборуна жеткирилди.

«Bay Tash Tower» турак жай комплекси жана бизнес борбору 19 кабаттан турат.

Бул объект «Бай Таш Групп» ЖЧКга таандык экени компаниянын сайтында жазылган.

Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, «Бай Таш Групп» ЖЧКнын жетекчиси — Ван Жонма, түзүүчүсү — Ван Минжин менен Чжу Чуньбинь.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком