11:04, 18 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Эртең 7-апрель—Горькийдеги кесилиште айланма кыймыл уюштурулуп, жол чырактар өчүрүлөт

На русском
12:34, 6 жетинин айы 2019 377
Перекресток улиц 7 Апреля - Горького
Перекресток улиц 7 Апреля - Горького

Баракелде -  Бишкек шаарынын 7-апрель менен Горький көчөлөрүнүн кесилишиндеги тилкеде айланма кыймыл уюштуруу боюнча иштер жүрүп жатат. Буга байланыштуу эртең, 8-ноябрда унаалардын кыймылына тоскоолдук болот.

Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, айланма кыймыл шаардын жолдорундагы унаа кыймылы көп болгон тилкелерди бошотуу үчүн уюштурулат. Пилоттук долбоор менен капиталдык курулуш башкармалыгынын, «Бишкек асфальт сервис» ишканасынын жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери иштеп жатат.

Аталган кесилиште жол чырактар өчүрүлүп, тиешелүү жол белгилер коюлат. Кыймылдын багыты бетон конструкциялар менен белгиленет. Ошондой эле «Коопсуз шаар» долбоорунун аталган тилкедеги видеокамералары убактылуу өчүрүлөт.

«ЖКККББнын адистери нөөмөткө чыгып, көзөмөлдөшөт. Эгер бул ийгиликтүү өтсө, аталган тилкеде айланма жол болот. Бул учурда кийинки жылы айланма кыймылды эске алуу менен жол оңдоо иштери жүргүзүлөт», - деп айтылат мэриянын маалыматында.

Мындай иштерди Чүй проспектиси менен 7-апрель көчөлөрүнүн кесилишиндеги тилкеде да жүргүзүү пландалып жатат.

схема

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком