11:00, 18 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Кувейт—Ош—Кувейт аба каттамы ачылды

На русском
10:32, 6 жетинин айы 2019 16

Баракелде -  Кувейт—Ош—Кувейт аба каттамынын ачылышы менен туристтерге шарт түзүлүп, экспортко жол ачылат. Бул тууралуу аталган аба каттамынын ачылышына арналган маалымат жыйында Кыргызстандын Кувейттеги элчисинин кеңешчиси Абдулазиз Ботбаев билдирди.

Анын айтымында, лабораториялар стандартка жооп берип, лицензия алынып калса Кувейтке экспортко жол ачылат.

Маалымат жыйынга «Ош» эл аралык аэропортунун директору Талантбек Ысаков, «Жазира эйрвейз» компаниясынын вице-президенти Ратан Ратнакар, Жарандык авиация агенттигинин директору, «Жазира трэйвел» компаниясынын жетекчиси катышты. Алар Кувейт—Ош—Кувейт аба каттамынын ачылганын жана кандай ыңгайлуу шарттар каралганын айтышты.

«Ош» эл аралык аэропортунун директору Талантбек Ысаков тарыхта биринчи жолу ачылып жаткан аба каттамдын ишке кириши менен куттуктады.

«Биринчиден, ушул каттамдын ачылганы менен баарыңыздарды куттуктайм. Бул тарыхый иш болду», - деди Ысаков.

«Жазира эйрвейз» компаниясынын вице-президенти Ратан Ратнакар дагы аба каттамдын ачылышын тарыхый күн деп атады.

«Бүгүн тарыхый күн. Мен өзүмдүн маалыматтарым менен бөлүшкүм келип турат. Дээрлик 1 жыл мурун Кыргызстандын Кувейттеги элчиси Самаргүл Адамкулова биздин компанияга келип: "Эмне үчүн "Жазира эйрвейз" Кыргызстанга учпайт?" деп суроо беришкен эле. "Жазира эйрвейз" Кувейттеги 2 компаниянын бири. Биринчи компания "Кувейт эйрвейз", экинчиси "Жазира эйрвейз". Биз Кыргызстандын рыногун карап чыктык. Бишкекте абдан көп эл аралык авиакомпаниялар иштейт экен. Ошондой эле Ош боюнча маалымат чогулттук. Ошто эл аралык авиакомпаниялар аз экен.

Менин кесиптештеримдин айтымында, кувейттиктер саякаттоону абдан жакшы көрүшөт. Ошондой эле алар Ошко да келет деген ойдомун. Биздин сүйлөшүүлөрдүн финалдык бөлүгү боюнча кечээ Кувейттин борборуна биринчи каттам барды. Ошондуктан менин Оштогу кесиптештеримди, кыргыз авиациясын куттуктайм», - деди Ратнакар.

Кыргызстандын Кувейттеги элчисинин кеңешчиси Абдулазиз Ботбаев азыр Кувейтке эт экспорттоо маселеси да каралып жатканын кошумчалады.

«Чындыгында эле "Жазира эйрвейз" компаниясы менен сүйлөшүп, каттам ачуу үчүн бардык шарттарды түзүп бере турганыбызды айтканбыз. Биз бул каттамды ачуу менен экспортко жол ачтык десек жаңылышпайбыз. Анткени Кувейтке биздин продукцияларды экспорттоого тыюу бар болчу. Ошол тыюу алынды. Азыр бул залда кувейттик ишкерлер отурат. Алар биз менен келип, Кувейтке кайсыл жер-жемиштерди экспорттосок деген анализдерди жүргүзүп жатат. Бүгүн бир катар жолугушууларды өткөрүштү. Азыр Кувейтке эт экспорттоо маселеси да каралып жатат. Биздин лабораториялар каралса, лизенция алсак, аз-аздан болсо дагы экспорттоого шарт түзүлөт. Анан залда Кувейттеги туроператорлордун жетекчиси, беделдүү 5 гезиттин өкүлдөрү отурат. Алар кувейт элине Ош боюнча маалымат жеткиришет», - деди Ботбаев.

«Жазира тревел» компаниясынын өкүлү Мадали Ойтемиров буга чейин да компания кичи ажылык багытында иштеп келгенин билдирди.

«Кичи ажылыкка Кувейтке баруунун акысы 630 доллар. Биз компания менен болгон келишимдин негизинде 6 айда 4800 адамды жөнөтөбүз деп айтканбыз. Каттамдар жумасына 2 жолу болот», - деди Ойтемиров.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком