11:04, 18 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Сүрөт — Жалал-Абадда 22 млн сомго оңдолгон көчө

09:52, 6 жетинин айы 2019 23

Баракелде -  Жалал-Абад шаарындагы Түмөнбай Байзаков атындагы көчө оңдолуп, пайдаланууга берилди, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, көчөнү кеңейтүү үчүн шаар казынасынан 27 млн сом бөлүнгөн. Курулушу аяктаган көчө менен шаар мэри Мураталы Тагаев баштаган жетекчилер, шаар тургундары таанышты.

«Көчөнү кеңейтүү иши ушул жылдын июнь айында башталып, ал үчүн жергиликтүү бюджеттен 27 млн сом каралган. Тендер жарыяланып, андан «Вавилон Маркет» ЖЧКсы 22 миллион 393 миң сом утуп алган.

Жаңырган жолдун узундугу 675, туурасы 16 метрди түзөт. Анда жөө жүргүнчүлөр үчүн да ыңгайлуу шарттар каралып, түнкү чырактар орнотулган. Мындан тышкары жол белгилер дагы коюлуп, калаа тургундарына колдонууга берилди», - деди мэр М.Тагаев.

Быйыл жергиликтүү бюджеттен көчөлөрдү асфальттоо, жамоо иштерине 25 млн сомдон ашык каражат бөлүнгөн.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком