11:04, 18 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

М.Бердишев Баткендеги медиа борбордун директору болуп дайындалды

09:46, 6 жетинин айы 2019 18

Баракелде -  Бердишев Мамажан Молдоевич Баткендеги медиа борбордун директору болуп дайындалды.

Маалым болгондой, өлкө аймагында медиа тармагын оптималдаштыруу иштерине байланыштуу Баткенде дагы медиа борбор түзүлдү. Анын курамына облустук телеканал, аймактардагы мезгилдүү басылмалар жана облустук «Баткен таңы» гезити кирди. Эми мындан ары аталган маалымдоо каражаттары бир борбордун астында иш алып барат.

49 жаштагы Мамажан Бердишев кесиби боюнча журналист. Буга чейин Баткен облустук телеканалында, гезитте, облустук администрацияда иштеген. Анын бул кызматка дайындалышы жөнүндөгү буйрукка Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кол коюлду.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком