16:07, 18 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Ак-Талаада күрөш залы ачылып, мелдеш өткөрүлдү

17:13, 5 жетинин айы 2019 27

Баракелде -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Кош-Дөбө айылында күрөш залы ачылды. Бул тууралуу «Тайлак баатыр» балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин машыктыруучусу Гүлжаз Капарбекова билдирди.

Анын айтымында, Мейманбек Кадыркулов атындагы күрөш залдын ачылыш аземи 4-ноябрда өтүп, анын урматына эркин күрөш боюнча мелдеш уюштурулду.

Мелдешке айыл аймактардан жалпы 108 балбан катышып, 13 түрдүү салмактык категория боюнча күч сынашты. Жыйынтыгында жеңишке жеткен балбандарга медаль жана дипломдор тапшырылды.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком