16:03, 18 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

ОшМУнун жаңы ректору шайланды

17:10, 5 жетинин айы 2019 20

Баракелде -  Кудайберди Кожобеков Ош мамлекеттик университетинин ректору болуп шайланды. Бул тууралуу аталган окуу жайдан билдиришти.

Шайлоо бүгүн, 5-ноябрь күнү өттү. Ректорлук кызматка 4 талапкер ат салышкан. Шайлоого 1737 окутуучунун ичинен 1594 адам катышты. Жыйынтыгында Кудайберди Кожобеков 1532 добуш алды.

Шайлоонун жүрүшү чоң экрандан онлайн көрсөтүлүп турду.

Turmush басылмасы Ош мамлекеттик университетинин ректору кызматына 4 талапкер ат салышып жатканын жазган.

Уюштуруу комитети катталган талапкерлердин тизмесин жарыялаган.

- Кожобеков Кудайберди Гапаралиевич, 1975-жылы туулган. Учурда ОшМУнун ректорунун милдетин аткарып жатат. Физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент. Иш тажрыйбасы — 22 жыл;

- Кошоева Бибигүл Бейшенбековна, 1972-жылы туулган. И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин техникалык институтунун телематика кафедрасынын башчысы, техника илимдеринин кандидаты, доцент. Иш тажрыйбасы — 16 жыл;

- Зулпукаров Алтынбек Зулпукарович, 1972-жылы туулган. Кыргыз-Өзбек университетинин сырттан окуу бөлүмү боюнча проректору, физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент. Иш тажрыйбасы — 23 жыл;

- Эгембердиев Шайымбек Амантурович, 1967-жылы туулган. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин үзгүлтүксүз жана дистанттык билим берүү институтунун социалдык, информациялык технологиялар кафедрасынын доценти.

Буга чейин аталган окуу жайды Каныбек Исаков жетектеп келген. Ал 11-сентябрда билим берүү жана илим министри болуп дайындалган болчу.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком