16:06, 18 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Ак-Талаадагы слётто жаш мугалимдерге сыйлык тапшырылды (сүрөт)

17:08, 5 жетинин айы 2019 19

Баракелде -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунда жаш мугалимдердин алгачкы слёту өткөрүлүп, бир катар маселелерди чечүү боюнча резолюция кабыл алынды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, 5-ноябрь күнү райондук билим берүү бөлүмү тарабынан «Жаш мугалимдердин жаркын кыялдары» аталышындагы жаш мугалимдердин слёту уюштурулган. Ага район акими Сейтек Кулубаев, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек Эсеналиев, мектеп директорлору, бала бакча башчылары жана 35 жашка чейинки мугалимдер менен тарбиячылар катышты.

Слёттун жүрүшүндө «Менин ишке ашкан кыялдарым» темасы боюнча Эсенгул Карасартов атындагы орто мектебинин мугалими Сапан Орозалиев, «Мен мугалиммин» темасы боюнча Жоробек Сатылганов атындагы орто мектебинин англис тилчи мугалими Асел Сапарбаева, «Мугалимдердин ролу» деген темада райондук билим берүү бөлүмүнүн адиси Адилет Абдыбачаев жана «Коопсуз мектеп — жаркын келечек» темасында Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинин директору Астра Токтогулова кеңири баяндама жасашты.

Иш-чаранын жүрүшүндө айрым жаш мугалимдерге баалуу белектер жана ыраазычылык каттар ыйгарылды. Бишкектен келген алып баруучу Максат Надырбеков жана активист Кубанычбек Баялиев ойду туура багыттоо, тартынчаактыктан арылуу, туура кесип тандоо боюнча кеп-кеңештерин беришти.

Слёттун соңунда жаш мугалимдерди жана тарбиячыларды колдоо максатында төмөндөгүдөй резолюция кабыл алынды:

- Кыргыз Республикасынын мугалимдин макамы жөнүндөгү мыйзамына ылайык, жергиликтүү башкаруу жана өз алдынча башкаруу органдары, жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен жаш адистерге турак жай аянтын бөлүү жана коммуналдык тейлөө боюнча эксплуатациялык чыгымдарын төлөөдө жеңилдиктерди же жекече турак жай курулушуна үстөксүз ссудалар, турак жай алууга мөөнөттөгү ипотека менен камсыздоо;

- Жоюлуп кеткен «Жаш мугалимдин депозити» программасын калыбына келтирүү боюнча жогорку бийлик органдарына сунуштарды берүү;

- Мугалимдердин ишинин жакшырышын мотивациялоо үчүн берилип жаткан дем берүүчү фондду бала бакчалардын жаш тарбиячыларына дагы берүү боюнча жогорку бийлик органдарына сунуштоо;

- Сабак өтүүдө санариптештирүү, технологиялык каражаттарды колдонууну жакшыртуу максатында заманбап техникалык каражаттар менен камсыз кылууга жетишүү;

- Мамлекет жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жаш мугалимдерди колдоо максатында чет өлкөлүк долбоорлор аркылуу кадрларды алмашып, окутуудан өткөрүүгө каражат жагынан жардам берүү;

- Тарбиялоонун көйгөйлөрүн чечүү менен билим берүүнүн бардык баскычтарында, үй-бүлөдө, коомдук уюмдарда жаш мугалимдерге кеңеш берүүнүн шарттарын күчөтүү;

- Жаш мугалимдердин билимин өркүндөтүү курстарынан өтүүсүнө жергиликтүү өз алдынча башкаруу уюмдары тарабынан жол кире жана башка чыгымдарын төлөп берүү;

- Слётту кийинки жылдарда дагы улантууну колго алуу.

Бул сунушталган резолюция бир добуштан кабыл алынды. Андан сырткары билим берүү бөлүмүнүн башчысы К.Эсеналиев резолюцияга кошумча жана алымча киргизе турган сунуштар болсо кабыл алуу мөөнөтү 3 күн экенин белгиледи.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком