16:03, 18 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

«Бир жумада 6 кг арыктадым»: Спортко берилген балбан кыздын баяны. Видео

13:53, 5 жетинин айы 2019 (Жаңыланды: 18:14, жетинин айы 05 2019) 20

Баракелде -  Чүй облусунун Токмок шаарынын 24 жаштагы тургуну Нуржанат Бекматова 13 жашынан бери күрөш менен машыгат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал эркин күрөш, самбо, дзюдо жана грэпплинг боюнча бир топ мелдештерге катышып, 50дөн ашуун медалдын ээси болгон. Ал мелдешке катышуу үчүн бир жумада 6 килограмм салмакка арыктаганын айтты.

«2010-2011-жылдары бир айдын ичинде 8-9 кг салмак таштагам. Ошондо 52 кг салмактан 43 кг салмакка түшкөм. Алтургай мелдешке бир жума калганда 5-6 килограммга арыктагам. Албетте, салмак азайтканыбызда медициналык кароодон өтүп, дарыгердин көрсөтмөсү менен түрдүү витаминдерди ичип турабыз. Негизи салмакты тез арада азайтуу ден соолукка зыян деп ойлойм», - деди ал.

Спортчу кыз алгач күрөш менен машыгып баштаган.

«Спортко болгон кызыгуумду байкаган атам мени колдоп, эркин күрөш менен машыгуума түрткү болду. 2008-жылдан баштап алгач эркин күрөш, андан кийин самбо жана дзюдо, грэпплинг менен машыгып келем. Көптөгөн ийгиликтерге жетиштим. Кыргызстандын ичинде өткөн мелдештерде алдыңкы орундарды алгам.

Ошондой эле чет өлкөлөрдө өткөн эл аралык мелдештерге дагы катышып келем. 2010-жылы Бангкок шаарында өткөн эркин күрөш боюнча жаштар арасындагы Азия чемпионатында 3-орунду, 2011-жылы ушул эле жерде өткөн эркин күрөш боюнча Азия чемпионатында 2-орунду, 2013-жылы Кыргызстанда өткөн эркин күрөш боюнча Азия чемпионатында 5-орунду, 2015-жылы Казакстандын Атырау шаарында өткөн самбо боюнча Азия чемпионатында 1-орунду алгам. 2016-жылы Кипрде өткөн дүйнө чемпионатынын универсиадасында жалпы тайпалык эсеп менен 2-орунга ээ болуп келгенбиз. Быйыл грэпплинг боюнча өткөн дүйнө чемпионатында 3-орунду алсам, жалпы тайпалык эсеп менен 2-орунду алдык. Жалпы 50гө жакын медалым бар», - деди ал.

Нуржанат Бекматова Токмок шаарында 1995-жылы төрөлгөн.

«Атам Эркинбек Бекматов кол өнөрчүлүк менен алектенет, апам Тотукан Бекматова үй кожойкеси. Мен 4 бир туугандын кичүүсүмүн. Эжем Айжан Бекматова 1984-жылы туулган. Үй-бүлөсү менен чет өлкөдө жашайт. 1986-жылы төрөлгөн Муканбет агам жана 1988-жылкы Нуркан агам атамдын жолун жолдоп, кол өнөрчүлүк менен алектенишет.

Мен Дене тарбия жана спорт академиясын аяктап, ошол тармакта иштеп жатам. Келечекте спорт жаатында көптөгөн ийгиликтерди багындырып, өлкөнүн желегин дүйнөгө желбиретким келет», - деди балбан кыз.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком