16:01, 18 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Жеңеке: Жаш келин Нуризанын турмушка чыккандан кийинки кызыктары

12:50, 5 жетинин айы 2019 16

Баракелде -  «Жеңеке» долбоорунун кезектеги каарманы — Чоң-Алай районунун 24 жаштагы туруну Нуриза Сапаралиева. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал Ош гуманитардык педагогикалык институтунун музыкалык бөлүмүн 2018-жылы аяктаган. Алай районунун 29 жаштагы тургуну Бекмурза Кыйбатовго турмушка чыккан.

«Биз бактылуу инсандардын үлпөт тоюнда таанышканбыз. Бир ай сүйлөшкөндөн кийин баш кошуу чечимин кабыл алдык. Кызыгы биринчи жолу кезиккенде эле бири-бирибизге дал келерибизди ичибизден сезиптирбиз. Бекмурза камкор, жөнөкөй инсан, мага дайыма жумшак мамиле кылат», - дейт ал.

Ошондой эле ал келиндик доордогу кызыктуу окуяларын эстеди.

«Жаңы келин болуп келгенден кийин көшөгөдөн чыгып, ашканадагы жумуштарга аралаша баштадым. Бизде чыны дешсе, кайын журтум аны лого пиала деп айтышат экен. Тамак бышырып жатсам кайын энем «бир лого пиала күрүч салсаң, баарыбызга жетет» деди. Мен лого пиала эмне экенин түшүнбөй калдым. Кайра барып сурасам түшүндүрүп берген эле.

Дагы бир жолу тамак жасап жатып, кайын энем «бир кол кашык суу куюп кой» деп чыгып кетти. Бир кашык сууга кантип суюк тамак бышсын деп ойлонуп калдым. Көрсө чөмүчтү алар кол кашык дешет экен.

Бир аймакта жашаганыбыз менен сөздөрдүн айырмасы бар экенин кийин билдим», - дейт ал.

Нуриза Сапаралиева учурда бир уулдун апасы. Ал баласын чоңойткондон кийин билимин дагы өркүндөтүп, өзүнүн кесиби боюнча иштөөнү пландап жатканын кошумчалады.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком