16:03, 18 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Ошто сатуучунун өлүмүнө шектүү катары дүкөндүн ээси кармалды

На русском
12:31, 5 жетинин айы 2019 45
Иллюстративное фото
Иллюстративное фото

Баракелде -  Ош шаарында зоологиялык дүкөндүн сатуучусун бычактап өлтүргөн шектүү адам кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 1-ноябрь күнү саат 21:00 чамасында Ош ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө шаардык оорукананын дарыгери Ош шаарынын 1984-жылы туулган тургуну М.Р. миздүү буюм менен жаракат алып түшкөнүн билдирген. Окуя Курманжан датка көчөсүндөгү зоологиялык дүкөндүн жанында болгон.

Ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге жөнөтүлүп, кароо жүргүзүлгөн жана аталган факт ошол эле күнү Кымыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 130-беренесинин 1-бөлүмү (адам өлтүрүү) менен катталып, кылмыш иши козголду.

«Күбөлөрдүн берген көрсөтмөсүнө караганда, 1-ноябрь күнү кечки саат 19:30 чамасында Курманжан датка көчөсүндө жайгашкан зоологиялык дүкөндүн ээси М.Х. менен дүкөндү ижарага алып иштетип жаткан М.Р.нын ортосунда пикир келишпестик жаралган. Ошол учурда М.Х. өзүнүн жанында алып жүргөн ашкана бычагы менен М.Р.ны көкүрөк тушуна атайын сайып жиберген.

Ош ШИИБдин Криминалдык милиция кызматы тарабынан шектүү катары М.Х. кармалды. Анын жанынан далил буюм катары ашкана бычагы алынган. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалды. Ош шаардык соту тарабынан шектүүнүн баш коргоо чарасы каралып, 2 айга камакка алынды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат», - деди Ош ШИИБдин басма сөз катчысы Абсатар Тавакалов.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком